Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize - Chams Ad-Dîn Hakîmov

external-link copy
25 : 17

رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَا فِي نُفُوسِكُمۡۚ إِن تَكُونُواْ صَٰلِحِينَ فَإِنَّهُۥ كَانَ لِلۡأَوَّٰبِينَ غَفُورٗا

Силердин ичиңердеги нерсени[1] Раббиңер жакшы Билүүчү. Эгер салих-таза адамдардан болсоңор, чынында, Ал (Өз Жолуна) кайтуучуларга Кечиримдүү. info

[1] Аллах адам баласынын ички сулуулугуна карайт. Тазалануу, салих адамдардан болуу, ички тазалыктан башталат. Ислам инсандын Аллахка болгон түз ниетин жана иш-амалдарын Аллах ыраазылыгы үчүн гана аткарууну ички (руханий) тазалык деп эсептейт.

التفاسير: