[1] Арабдар энени "Уммун" дешет. "Уммий" дегендин мааниси "энеден туулган бойдон окуу-жазууну билбей чоңойгон" дегенди түшүндүрөт.
[1] Бул элдер сахабалардан кийин келип, алардын дин кербенине кошула турган мусулмандар же болбосо, тээ кыяматка чейин ислам үммөтүнө кошула турган арабдан башка элдер.
[1] Уммий арабдар арасынан Мухаммад саллалоху алайхи ва саллам пайгамбарчылык пазилети менен келгенде яхудилер "Аллах пайгамбарды уммийлердин арасынан тандамак беле? Тандаса, мына биздин арабыздан тандайт. Себеби, бизде илим - Ыйык Китеп бар" дешип ыйман келтирбей коюшкан. Бирок, дал ошол Тооратта акыркы пайгамбар арабдардын арасынан келиши жөнүндө ыйык кабар айтылган эле.
[1] Жума күндөрдүн биринде пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам минбарда хутба кылып турган. Ошол маалда Мединага шаан-шөкөт менен соода кербени кирип келет. Көпчүлүк сахабалар хутбаны таштап чуркап кетишет. Бул аят ошол окуяга байланыштүү түшкөн.