ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف

شماره صفحه:close

external-link copy
9 : 62

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَوٰةِ مِن يَوۡمِ ٱلۡجُمُعَةِ فَٱسۡعَوۡاْ إِلَىٰ ذِكۡرِ ٱللَّهِ وَذَرُواْ ٱلۡبَيۡعَۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ

Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 62

فَإِذَا قُضِيَتِ ٱلصَّلَوٰةُ فَٱنتَشِرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَٱبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرٗا لَّعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ

Ал эми, намаз бүткөндө Аллахтын ырыскыларын издеп, жер бетине жайылгыла жана Аллахты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (бейишке) жетээрсиңер! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 62

وَإِذَا رَأَوۡاْ تِجَٰرَةً أَوۡ لَهۡوًا ٱنفَضُّوٓاْ إِلَيۡهَا وَتَرَكُوكَ قَآئِمٗاۚ قُلۡ مَا عِندَ ٱللَّهِ خَيۡرٞ مِّنَ ٱللَّهۡوِ وَمِنَ ٱلتِّجَٰرَةِۚ وَٱللَّهُ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ

Алар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты. Сен айткын: «Аллахтын алдындагы сооп соодадан жана оюн-тамашадан жакшы. Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү.[1] info

[1] Жума күндөрдүн биринде пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам минбарда хутба кылып турган. Ошол маалда Мединага шаан-шөкөт менен соода кербени кирип келет. Көпчүлүк сахабалар хутбаны таштап чуркап кетишет. Бул аят ошол окуяга байланыштүү түшкөн.

التفاسير: