Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán

Número de página:close

external-link copy
138 : 7

وَجَٰوَزۡنَا بِبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡبَحۡرَ فَأَتَوۡاْ عَلَىٰ قَوۡمٖ يَعۡكُفُونَ عَلَىٰٓ أَصۡنَامٖ لَّهُمۡۚ قَالُواْ يَٰمُوسَى ٱجۡعَل لَّنَآ إِلَٰهٗا كَمَا لَهُمۡ ءَالِهَةٞۚ قَالَ إِنَّكُمۡ قَوۡمٞ تَجۡهَلُونَ

Муса пайгамбар таягы менен деңизди чапканда, Биз аны экиге ажыратып, Исраил коомун андан алып өттүк. Алар бут-айкелдерди жасап алып, Аллахты таштап ошол айкелдерге ибадат кылып жаткан элдин жанынан өтүштү. Ошондо Исраил урпактары Мусага: "Эй, Муса, мобу адамдар ибадат кылып жаткан бут-айкелдер сыяктуу бизге да бут-айкелдерди жасап бер, биз ошого ибадат кылалы" - дешти. Муса аларга: "Эй, коомум, силер Аллахты улуктоо, жалгыздоо милдет экенин билбей экенсиңер, ширк кылып, Андан башка нерсеге ибадат кылуу Ага ылайык эмес" - деди. info
التفاسير:

external-link copy
139 : 7

إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ مُتَبَّرٞ مَّا هُمۡ فِيهِ وَبَٰطِلٞ مَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Тиги бут-айкелдерге ибадат кылып жаткандар башка нерсеге ибадат кылганы үчүн жк болушат, алардын Аллахка башка нерсени шерик кылып жасаган иштеринин баары жараксыз info
التفاسير:

external-link copy
140 : 7

قَالَ أَغَيۡرَ ٱللَّهِ أَبۡغِيكُمۡ إِلَٰهٗا وَهُوَ فَضَّلَكُمۡ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ

Муса коомуна: "Эй, коомум, Аллахтан башка, ибадат кыла турган кудайды силерге кантип таап берем? Анын чоң белгилерин көрдүңөр, Аллах Таала силерди өз заманында ааламдарга артыкча кылып, душмандарыңарды талкалап, алардын ордуна силерди орун-очок алдырбадыбы?" -деди. info
التفاسير:

external-link copy
141 : 7

وَإِذۡ أَنجَيۡنَٰكُم مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَسُومُونَكُمۡ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ يُقَتِّلُونَ أَبۡنَآءَكُمۡ وَيَسۡتَحۡيُونَ نِسَآءَكُمۡۚ وَفِي ذَٰلِكُم بَلَآءٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَظِيمٞ

"Оо, Исраил урпактары, эркек балдарыңарды өлтүрүп, аялдарды кызмат кылдыруу үчүн алып калып, силерге түрдүү азаптын даамын таттырган Фираун жана анын элинин кордугунан куткарган учурубузду эстегиле! Силерди Фараон жана анын элинен куткаруусу, шүгүр кылар бекен деген чоң сыноо эле" - деди. info
التفاسير:

external-link copy
142 : 7

۞ وَوَٰعَدۡنَا مُوسَىٰ ثَلَٰثِينَ لَيۡلَةٗ وَأَتۡمَمۡنَٰهَا بِعَشۡرٖ فَتَمَّ مِيقَٰتُ رَبِّهِۦٓ أَرۡبَعِينَ لَيۡلَةٗۚ وَقَالَ مُوسَىٰ لِأَخِيهِ هَٰرُونَ ٱخۡلُفۡنِي فِي قَوۡمِي وَأَصۡلِحۡ وَلَا تَتَّبِعۡ سَبِيلَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Аллах жашыруун сүйлөшүү үчүн Мусаны отуз түнгө убадалашып, анан дагы он түн кошуп, кырк түн кылды. Анан Раббиси менен сүйлөшүүгө жөнөп жатканда Муса бир тууганы Харунга кайрылып: "Эй, Харун, менин ордума коомду башкарып тур, жакшы саясат жүргүзүп, жумшактык менен аларды башкар, күнөөгө бут коюп, бузукулардын жолуна түшүп кетпе жана күнөөгө баштоочу болбо!" - деди. info
التفاسير:

external-link copy
143 : 7

وَلَمَّا جَآءَ مُوسَىٰ لِمِيقَٰتِنَا وَكَلَّمَهُۥ رَبُّهُۥ قَالَ رَبِّ أَرِنِيٓ أَنظُرۡ إِلَيۡكَۚ قَالَ لَن تَرَىٰنِي وَلَٰكِنِ ٱنظُرۡ إِلَى ٱلۡجَبَلِ فَإِنِ ٱسۡتَقَرَّ مَكَانَهُۥ فَسَوۡفَ تَرَىٰنِيۚ فَلَمَّا تَجَلَّىٰ رَبُّهُۥ لِلۡجَبَلِ جَعَلَهُۥ دَكّٗا وَخَرَّ مُوسَىٰ صَعِقٗاۚ فَلَمَّآ أَفَاقَ قَالَ سُبۡحَٰنَكَ تُبۡتُ إِلَيۡكَ وَأَنَا۠ أَوَّلُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Муса Раббиси менен кырк түндүк сүйлөшүүгө убадалашкан күнү келгенде, Раббиси ага буйруктар, тыюулар жана башка нерселерди айтты. Муса Аллахтын жүзүн көргүсү келип, Аны көрүүнү суранды. Аллах Таала ага жооп берип: "Мени бул дүйнө жашоосунда көрө албайсың; көрүүгө кудуретиң жетпейт. Азыр мобу тоону кара, Мен ага көрүнгөнүмдө ал таасирленбей, ордунда кала алса, анда сен да Мени көрө аласың, а эгер жерге тегизделип кетсе, анда Мени бул дүйнөдө көрө албайсың" - деди. Ошентип Аллах тоого көрүнгөндө аны жер менен жексен кыла койду. Мусанын эси ооп жыгылды. Качан өзүнө келип, ордунан турганда: "Эй, Рабби, Сени Сага ылайыксыз болгон кемчиликтин баарынан аруулаймын, Сени бул дүйнөдө көрүүнү суранганыма тобо кылдым, мен коомумдагы биринчи ыйман келтирген адам болдум" - деди. info
التفاسير:
Beneficios de los versículos de esta página:
• تؤكد الأحداث أن بني إسرائيل كانوا ينتقلون من ضلالة إلى أخرى على الرغم من وجود نبي الله موسى بينهم.
Исраил урпактары Муса пайгамбар алардын арасында жүргөн учурда да бир адашуудан экинчи адашууга өтө беришкенин ушул окуялардан билебиз. info

• من مظاهر خذلان الأمة أن تُحَسِّن القبيح، وتُقَبِّح الحسن بمجرد الرأي والأهواء.
Үммөттүн жардамсыз калуусуна алардын жакшыны жаман, жаманды жакшы деп каалоо напсилерин ээрчип кетүүсу себеп болот. info

• إصلاح الأمة وإغلاق أبواب الفساد هدف سام للأنبياء والدعاة.
Үммөттү оңдоо, бузукулук эшигин жабуу пайгамбарлар жана дааватчылардын максаты. info

• قضى الله تعالى ألا يراه أحد من خلقه في الدنيا، وسوف يكرم من يحب من عباده برؤيته في الآخرة.
Аллах Таала бул дүйнөдө Аны эч ким көрө албастыгын өкүм кылган,жакшы көргөн пенделерин Өзүн көрсөтүү менен сыйлайт. info