Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán

Número de página:close

external-link copy
53 : 6

وَكَذَٰلِكَ فَتَنَّا بَعۡضَهُم بِبَعۡضٖ لِّيَقُولُوٓاْ أَهَٰٓؤُلَآءِ مَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡهِم مِّنۢ بَيۡنِنَآۗ أَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِأَعۡلَمَ بِٱلشَّٰكِرِينَ

Ушинтип аларды бири-бири менен сынадык. Аларды дүйнө үлүшүндө ар түрдүү кылдык. Бай каапырлар кедей мусулмандарды теңсинбей: Аллах биздин арабыздан мына ушул жакырларды туура жолго салдыбы? Эгер ыйман жакшылык болгондо анда алар бизден мурда ээ болмок эмес, биз алардан мурда ээ болмокпуз - дешкени үчүн, Биз аларды ушундай сынадык. Жакшылыгына шүгүр кылуучуларды Аллах жакшыраак билет эмеспи, ошон үчүн аларды ыйманга багыттады, каапырларды да жакшы билип, аларды кур калтырды, алар ыйманга келишпейт. Ооба, Аллах алардан Билүчүүрөөк. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 6

وَإِذَا جَآءَكَ ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِنَا فَقُلۡ سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡۖ كَتَبَ رَبُّكُمۡ عَلَىٰ نَفۡسِهِ ٱلرَّحۡمَةَ أَنَّهُۥ مَنۡ عَمِلَ مِنكُمۡ سُوٓءَۢا بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ تَابَ مِنۢ بَعۡدِهِۦ وَأَصۡلَحَ فَأَنَّهُۥ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Оо, элчи, эгер сага сен алып келген диндин чын экенине далил болгон Биздин аяттарыбызга ишенген ыймандуулар келсе, аларды урматтап саламына жооп кайтар, аларга Аллахтын ырайымы кенен экенин сүйүнчүлө. Аллах Таала Өзүнө кенен ыйрайымдуулукту ыйгарган. Алардын кимиси болсо да билбестен же унутуп күнөөгө барса, кийин андан кайтып тообо кылса, иш-аракеттерин жакшыртса, Аллах Таала чынында анын кылган күнөөсүн кечирет. Аллах Таала тообо кылган пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 6

وَكَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ وَلِتَسۡتَبِينَ سَبِيلُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ

Жогоруда айтылгандарыд сага баяндаган сыяктуу, жалган ишенимдегилерге да далил, белгилерибизди баяндайбыз, күнөөкөрлөрдүн жолу жана түзүлүштөрү айкын болуусу үчүн жана алардан алыс болуп сактанууңар үчүн info
التفاسير:

external-link copy
56 : 6

قُلۡ إِنِّي نُهِيتُ أَنۡ أَعۡبُدَ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِۚ قُل لَّآ أَتَّبِعُ أَهۡوَآءَكُمۡ قَدۡ ضَلَلۡتُ إِذٗا وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُهۡتَدِينَ

Оо, элчи, аларга: Силер сыйынып жаткан Аллахтан башка нерселерге сыйынууга Аллах мага тыюу салган - деп айт. Дагы айт: Аллахтан башкага сыйынуу каалооңорду ээрчибейм, эгер мында мен силерди ээрчисем ак жолдон адашкан болом, ага багытталбай калам. Аллахтын далилисиз каалоолорун ээрчигендердин баарынын абалы ушундай болот. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 6

قُلۡ إِنِّي عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّي وَكَذَّبۡتُم بِهِۦۚ مَا عِندِي مَا تَسۡتَعۡجِلُونَ بِهِۦٓۚ إِنِ ٱلۡحُكۡمُ إِلَّا لِلَّهِۖ يَقُصُّ ٱلۡحَقَّۖ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلۡفَٰصِلِينَ

Оо, элчи,тиги бутпарастарга минтип айт: Мен каалаоомду эмес, Жаратуучумдун ачык-айкын далилин ээрчийм. а, силер болсо бул далилди жалганга чыгардыңар.Силер талап кылып жаткан адаттан тыш далилдер жана силер шашылып жаткан азаптар менин колумда эмес. Булар Аллахтын колунда. Жалпы силер талап кылган нерселердин өкүмү Аллахка тиешелүү. Ал чындыкты айтат, чындык менен өкүм чыгарат. Ал чындык менен жалганды ажыратуучулардын жана баяндоочулардын эң жакшысы. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 6

قُل لَّوۡ أَنَّ عِندِي مَا تَسۡتَعۡجِلُونَ بِهِۦ لَقُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡۗ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِٱلظَّٰلِمِينَ

Оо, элчи, аларга айт: Эгер менин колумда же мүмкүнчүлүгүмдө силер шашып талап кылып жаткан азап болгон, аны эбак эле түшүрмөкмүн жана анда мени менен силердин ортобуздагы ишибиз да бүтмөк. Аллах Таала заалымдардын мөөнөтүн канча узартууну жана аларды качан азаптоону жакшы билет info
التفاسير:

external-link copy
59 : 6

۞ وَعِندَهُۥ مَفَاتِحُ ٱلۡغَيۡبِ لَا يَعۡلَمُهَآ إِلَّا هُوَۚ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِۚ وَمَا تَسۡقُطُ مِن وَرَقَةٍ إِلَّا يَعۡلَمُهَا وَلَا حَبَّةٖ فِي ظُلُمَٰتِ ٱلۡأَرۡضِ وَلَا رَطۡبٖ وَلَا يَابِسٍ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٖ

Кайыптын казыналары жалгыз Аллахтын колунда, аны Андан башка эч ким билбейт. Ал кургактыктагы жана деңиздеги айбанаттарды, өсүмдүктөрдү жана заттарды билет. Дарактын кайсы бир жерге учуп түшкөн жалбырагы, жер түбүндө өнгөн дан, бышкан жана быша элек нерсенин баары анык китепте жазылып сакталган, ал китеп Лавхул Махфуз. info
التفاسير:
Beneficios de los versículos de esta página:
• الله تعالى يجعل العباد بعضهم فتنة لبعض، فتتفاوت درجاتهم في الرزق وفي الكفر والإيمان، والكفر والإيمان ليس منوطًا بسعة الرزق وضيقه.
Аллах Таала пенделерди бири-бирине бүлгүн сыноо кылды. Аларды ырыскысында, каапырлык жана ыймандуулукта ар түрдүү кылды. Каапырлык менен ыймандуулук ырыскынын көп же аздыгы менен өлчөнбөйт info

• من أخلاق الداعية طلاقة الوجه وإلقاء التحية والتبسط والسرور بأصحابه.
Маанайды жарык кылуу, саламга жооп кайтаруу, жылмаюу жана сүйүнүч тартуулоо - даават кылуучунун жакшы мүнөзүнөн болуп эсептелет info

• على الداعية اجتناب الأهواء في عقيدته ومنهجه وسلوكه.
Даават кылуучу адам ишениминде, тартибинде жана жолунда каалоосун ээрчип кетүүдөн сак болуусу керек info

• إثبات تفرد الله عز وجل بعلم الغيب وحده لا شريك له، وسعة علمه في ذلك، وأنه لا يفوته شيء ولا يعزب عنه من مخلوقاته شيء إلا وهو مثبت مدوَّن عنده سبحانه بأدق تفاصيله.
Кайып илимин билүүдө эч шериги жок Аллах Таала жалгыз экенин жана бул жаатта Анын илими терең экенин моюндап бекемдөө керек. Чынында, Ал эч нерседен кабарсыз калбайт, жараткан нерселеринен эч нерсе байкоосуз калбайт, мунун баары Анда майда-чүйдөсүнө чейин катталып, сакталган info