Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán

Анкабут

Propósitos del Capítulo:
الأمر بالصبر والثبات عند الابتلاء والفتن، وبيان حسن عاقبته.
Башына сыноо, фитна келген учурда сабырдуу, бекем болууга буйруу жана мындайлардын акыбети жакшы болорун баяндаган. info

external-link copy
1 : 29

الٓمٓ

Алиф. Лам. Мим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 29

أَحَسِبَ ٱلنَّاسُ أَن يُتۡرَكُوٓاْ أَن يَقُولُوٓاْ ءَامَنَّا وَهُمۡ لَا يُفۡتَنُونَ

Адамдар «Аллахка ыйман келтирдик» деп айтып коюшса эле, алардын айткан сөзүнөн «алар чындап эле ыймандуу бекен?» деп анын чындыгын аныктабастан туруп, аларды сыноосуз таштап коёт деп ойлоп жатышабы? Бул иш алар ойлогондой эмес. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 29

وَلَقَدۡ فَتَنَّا ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۖ فَلَيَعۡلَمَنَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْ وَلَيَعۡلَمَنَّ ٱلۡكَٰذِبِينَ

Биз алардан мурункуларды да сынаганбыз. Аллах чындап ыйман келтиргендердин чындыгын жана жалган ыйман келтиргендин жалганын сөзсүз билет жана аны силерге билдирет. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 29

أَمۡ حَسِبَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَسۡبِقُونَاۚ سَآءَ مَا يَحۡكُمُونَ

Ширк жана башка ушул сыяктуу күнөөлөрдү кылгандар Бизге жеткирбей жазабыздан кутулуп кетебиз деп ойлоп жатышабы? Алардын кылган чечими кандай жаман чечим! Алар Аллахты алсыз кыла алышпайт жана Анын жазасынан да кутулушпайт, эгер каапыр болуп өлүшкөн болсо. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 29

مَن كَانَ يَرۡجُواْ لِقَآءَ ٱللَّهِ فَإِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ لَأٓتٖۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ

Кимде-ким кыямат күнү Аллахтын сыйлыгына жетиш үчүн Ага жолугууну үмүт кылса, анда Аллах ал үчүн белгилеген мөөнөт жакында сөзсүз келет. Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын баарысы Ага белгилүү. Жакында ал үчүн сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 29

وَمَن جَٰهَدَ فَإِنَّمَا يُجَٰهِدُ لِنَفۡسِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَنِيٌّ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ал эми ким ибадат кылууда, күнөөлөрдөн алыс болууда өз напсиси менен күрөшсө жана Аллах жолунда согушса, анда ал өзү үчүн гана күрөшкөн болот. Анткени анын пайдасы өзүнө кайтат. Аллах жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес. Алардын кылган ибадаттары Ага эч нерсени кошпойт жана алардын күнөөлөрү Андан эч нерсени кемитпейт. info
التفاسير:
Beneficios de los versículos de esta página:
• النهي عن إعانة أهل الضلال.
Адашкандардын туура эмес иштерине жардам берүүдөн тыйылуу керек. info

• الأمر بالتمسك بتوحيد الله والبعد عن الشرك به.
Жалгыз Аллахка сыйынууга жана ширктен алыс болууга буйруу. info

• ابتلاء المؤمنين واختبارهم سُنَّة إلهية.
Ыймандууларды сыноо – Аллахтын койгон эрежелеринен. info

• غنى الله عن طاعة عبيده.
Аллах пенделердин моюн сунууларына муктаж эмес. info