Traducción de los significados del Sagrado Corán - La traducción kirguisa del abreviado de la exégesis del Noble Corán

Número de página:close

external-link copy
253 : 2

۞ تِلۡكَ ٱلرُّسُلُ فَضَّلۡنَا بَعۡضَهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۘ مِّنۡهُم مَّن كَلَّمَ ٱللَّهُۖ وَرَفَعَ بَعۡضَهُمۡ دَرَجَٰتٖۚ وَءَاتَيۡنَا عِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَيَّدۡنَٰهُ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِۗ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا ٱقۡتَتَلَ ٱلَّذِينَ مِنۢ بَعۡدِهِم مِّنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ وَلَٰكِنِ ٱخۡتَلَفُواْ فَمِنۡهُم مَّنۡ ءَامَنَ وَمِنۡهُم مَّن كَفَرَۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا ٱقۡتَتَلُواْ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَفۡعَلُ مَا يُرِيدُ

Биз сага айтып өткөн пайгамбарларды вахийде, жолун жолдоочуларда жана даражаларда бири-биринен артык кылдык. Алардын арасында Муса сыяктуу Аллах таала түзмө-түз сүйлөшкөндөрү бар жана алардын арасында Мухаммад сыяктуу бийик даражаларга көтөргөндөрү бар, анткени ал бүткүл адамзатка жиберилди, аны менен пайгамбарчылык токтоду жана анын үммөтү башка үммөттөрдөн артык болду. Ошондой эле Биз Мариямдын уулу Исага анын пайгамбарлыгына далил боло турган өлүктөрдү тирилтүү, сокур менен пес ооруларын айыктыруу сыяктуу ачык-айкын кереметтерди бердик жана аны Аллах тааланын буйругун аткарууга кубаттандыруу үчүн Жебреил аркылуу колдодук. Аллах кааласа, пайгамбарлардан кийин келгендер аларга ачык-айкын аяттар келгенден кийин бири-бири менен согушмак эмес, бирок алар бири-бирине каршы болуп бөлүнүп кетишти. Алардын кээ бирлери Аллахка ыйман келтиришсе, кээ бирлери Ага каапырлык кылышты. Эгер Аллах алардын согушууларын каалабаса, алар согушпайт болчу. Бирок Аллах каалаганын кылат, кимди кааласа Өзүнүн ырайымы жана айкөлдүгү менен ыйманга багыттайт, кимди кааласа Өзүнүн адилеттиги жана даанышмандыгы менен адаштырат. info
التفاسير:

external-link copy
254 : 2

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنفِقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰكُم مِّن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا بَيۡعٞ فِيهِ وَلَا خُلَّةٞ وَلَا شَفَٰعَةٞۗ وَٱلۡكَٰفِرُونَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Кыямат күн келгенге чейин Биз силерге ырыскы кылып берген ар кандай адал мал-мүлктөрдөн сарптагыла. Ал убакта адамга иштеп тапкан соода да, кыйынчылыкта пайдасы тийген достук да, зыянды кайтара турган же пайда келтире турган ортомчулук да пайдасын тийгизбейт. Бирок Аллах Өзү каалагандарга жана ыраазы болгондорго уруксат бергенден кийин гана пайдасы тиет. Ал эми каапырлар Аллах таалага каапырлык кылышкандары себептүү чыныгы залымдар. info
التفاسير:

external-link copy
255 : 2

ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَيُّ ٱلۡقَيُّومُۚ لَا تَأۡخُذُهُۥ سِنَةٞ وَلَا نَوۡمٞۚ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ مَن ذَا ٱلَّذِي يَشۡفَعُ عِندَهُۥٓ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۖ وَلَا يُحِيطُونَ بِشَيۡءٖ مِّنۡ عِلۡمِهِۦٓ إِلَّا بِمَا شَآءَۚ وَسِعَ كُرۡسِيُّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۖ وَلَا يَـُٔودُهُۥ حِفۡظُهُمَاۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡعَظِيمُ

Аллах – жалгыз Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү, анда эч кандай өлүм да, кемчилик да болбойт. Ал Өзү жеке бүт баарын кармап Туруучу жана жараткандарынын эч бирине муктаж эмес. Бардык макулуктар Ал себептүү кармалып турат жана алар бардык абалдарында Ага муктаж. Анын кемчиликсиз тирүүлүгү жана бүт баарын кармап турганы себептүү Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Анын уруксаты жана макулдугу болмоюнча эч ким Анын алдында шапаат кылууга акысы жок. Ал жараткандардын иштерине байланыштуу болуп өткөн жана келечекте боло турган нерселерди билет. Ал эми алар Анын илиминен Өзү каалап билдирген нерсени гана биле алышат. Анын Курсийи (Раббинин эки таманынын орду) асмандар менен жерди кеңдигине жана чоңдугуна карабастан өзүнө камтып турат. Аларды сактап туруу Ага оорчулук жана машакат жаратпайт. Ал Өз Заты, кудурети жана үстөмдүгү менен Бийик, Өз мүлкүндө жана падышалыгында Улук. info
التفاسير:

external-link copy
256 : 2

لَآ إِكۡرَاهَ فِي ٱلدِّينِۖ قَد تَّبَيَّنَ ٱلرُّشۡدُ مِنَ ٱلۡغَيِّۚ فَمَن يَكۡفُرۡ بِٱلطَّٰغُوتِ وَيُؤۡمِنۢ بِٱللَّهِ فَقَدِ ٱسۡتَمۡسَكَ بِٱلۡعُرۡوَةِ ٱلۡوُثۡقَىٰ لَا ٱنفِصَامَ لَهَاۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Ислам динине кирүүгө эч ким мажбурланбайт. Анткени ал ачык жана акыйкат дин болгондуктан, ага бирөөнү мажбурлоонун кажети жок. Туура жол адашуудан анык айырмаланды. Ким Аллахтан башка сыйынган нерселерге каапырлык кылып, алардан баш тартса жана жалгыз Аллахка ыйман келтирсе, анда ал кыяматта кутулуу үчүн үзүлбөгөн эң күчтүү себеп менен динди карманыптыр. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин Билүүчү. Жакында аларга сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:
Beneficios de los versículos de esta página:
• أن الله تعالى قد فاضل بين رسله وأنبيائه، بعلمه وحكمته سبحانه.
Аллах таала Өзүнүн илими жана даанышмандыгы менен пайгамбарларын жана элчилерин бири-биринен артык кылды. info

• إثبات صفة الكلام لله تعالى على ما يليق بجلاله، وأنه قد كلم بعض رسله كموسى ومحمد عليهما الصلاة والسلام.
Аллах таала Өз улуулугуна жараша сүйлөө сыпатына ээ экендигин тастыктоо. Ал Муса жана Мухаммад сыяктуу кээ бир пайгамбарлары менен сүйлөшкөн. info

• الإيمان والهدى والكفر والضلال كلها بمشيئة الله وتقديره، فله الحكمة البالغة، ولو شاء لهدى الخلق جميعًا.
Ыйман, туура жол, каапырлык жана адашуу, мунун баарысы Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен болот. Мунун артында чоң сыр бар. Эгер Аллах кааласа, бардык адамдарды туура жолго салып коймок. info

• آية الكرسي هي أعظم آية في كتاب الله، لما تضمنته من ربوبية الله وألوهيته وبيان أوصافه .
Аят аль-Курси – Аллахтын китебиндеги эң улук аят. Анткени ал өзүнө Аллахтын жаратуучулугун, сыйынууга татыктуулун жана Анын сыпаттарынын түшүндүрмөсүн камтыган. info

• اتباع الإسلام والدخول فيه يجب أن يكون عن رضًا وقَبول، فلا إكراه في دين الله تعالى.
Исламды ээрчүү жана ага кирүү ыраазылык жана макулдук менен болуусу керек. Аллах тааланын дининде мажбурлоо жок. info

• الاستمساك بكتاب الله وسُنَّة رسوله أعظم وسيلة للسعادة في الدنيا، والفوز في الآخرة.
Аллахтын китебин жана Анын элчисинин сүннөтүн кармануу – бул дүйнөдөгү бактылуулуктун жана акыреттеги жеңиштин эң чоң себеби. info