[1] Сүрөнүн түшүүсүнө төмөндөгү окуя себеп болгон: Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккени фатх кылуу (алуу) үчүн аскердик даярдык баштаганда Хатиб бин Абу Балтаьа деген киши Мекке мушриктерине окуяны баяндап кат жазып, бир аялдан берип жиберет. Бирок, Аллах таала вахий кылып бул иштин сырын пайгамбарыбызга билдирет жана пайгамбарыбыз чабарман аялды жолдон карматып, Хатибке: «Бул эмне кылганың?!» дегенде, ал Меккеде бала-чакасы бар экенин, алар коргоочусуз калганын, бул ишти каапырчылык же чыккынчылык ниетинде эмес, тек гана мушриктерге жагынып үй-бүлөсүн алардын жамандыгынан сактап калуу үчүн жасаганын айтып, жан соога сурайт. Ал эми, «Мумтахана» (сыналган аялдар) жөнүндө сүрөнүн онунчу аятында сөз болот.
[1] Мекке мушриктери.
*[1] Силер ошолорду деп душманга дос болгон элеңер.
[1] Мунун себеби, каапырларга Аллахтан кечирим суралбайт. Ибрахим алейхи салам бул сөзүн атасынын ширк ишениминен кабарсыз маалда айткан. Качан гана атасынын Аллахтын душманы экени ашкере болгондо «Эй, атаке! Мен сизден жана сиздин кудайларыңыздан кечтим!» деп араны ачык кылган.
[1] Бизди каапырлардын колу менен азапка салбагай элең !
[1] Күндөрдүн биринде бир нече аялдар Исламга кирип, Мекке мушриктеринен качып, Мединага хижрат кылып келишет. Бирок, ошого чейин пайгамбарыбыз менен мушриктердин арасында «Меккеден Мединага качып келгендерди кайтарып берилет» деген келишим бар эле. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам «Эгер бул аялдарды кайтарып жиберсем, мушрик күйөөлөрү менен турмушу кандай болот?» деп ойлонуп калганда, маселеге чечим катары Аллах таала ушул аяттарды түшүргөн.
[2] Эгер ушундуй болсо, талак түшөт жана ал аял менен ажырашууга туура келет.
[1] Исламга кирген аялдар пайгамбарыбызга ушул иштерди жасабоого ант беришкен. Бул ант исламда «байьат» деп аталат.