Traducción de los significados del Sagrado Corán - Traducción Kirguís - Shamsuddin Hakimov

Número de página:close

external-link copy
91 : 15

ٱلَّذِينَ جَعَلُواْ ٱلۡقُرۡءَانَ عِضِينَ

Алар Куранды бөлүктөргө ажыратышты![1] info

[1] Мекке мушриктеринин кээ бирлери Куранды "бул сыйкыр" десе, башкалары "жок, бул бакшылык" деп, ар кандай бөлүктөргө бөлүнүшкөн. Ошондой эле, яхудилер менен христиандар дагы Куран аяттарынын арасынан өз каалоолоруна дал келгенин гана "туура" деп тастыктап, калганына ишенбей коюу менен Куранды ажыратышкан. Алар өздөрүнө түшүрүлгөн Тоорат менен Инжил китептериндеги көп аяттардын маанисин да ушул сыяктуу бөлүп, бурмалашкан.

التفاسير:

external-link copy
92 : 15

فَوَرَبِّكَ لَنَسۡـَٔلَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ

Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 15

عَمَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

жасаган иштерине жараша! info
التفاسير:

external-link copy
94 : 15

فَٱصۡدَعۡ بِمَا تُؤۡمَرُ وَأَعۡرِضۡ عَنِ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

(Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур! info
التفاسير:

external-link copy
95 : 15

إِنَّا كَفَيۡنَٰكَ ٱلۡمُسۡتَهۡزِءِينَ

Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз. info
التفاسير:

external-link copy
96 : 15

ٱلَّذِينَ يَجۡعَلُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۚ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ

Алар Аллахка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет. info
التفاسير:

external-link copy
97 : 15

وَلَقَدۡ نَعۡلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدۡرُكَ بِمَا يَقُولُونَ

Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат. info
التفاسير:

external-link copy
98 : 15

فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ وَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ

Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол! info
التفاسير:

external-link copy
99 : 15

وَٱعۡبُدۡ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأۡتِيَكَ ٱلۡيَقِينُ

Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл! info
التفاسير: