Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Хакка

Purposes of the Surah:
إثبات أن وقوع القيامة والجزاء فيها حقٌّ لا ريب فيه.
Кыяматтын болуусу жана андагы жазалар эч шек күмөнсүз болорун бекемдөө. info

external-link copy
1 : 69

ٱلۡحَآقَّةُ

Аллах баарына анык келе турган кайра тирилүү убактысын эскерди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 69

مَا ٱلۡحَآقَّةُ

Андан соң «Анык Келүүчү деген эмне?» деген суроо менен анын ордун даңазалады. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 69

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحَآقَّةُ

Сен ал Анык келүүчү эмне экенин кайдан билмек элең? info
التفاسير:

external-link copy
4 : 69

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ وَعَادُۢ بِٱلۡقَارِعَةِ

Салихтин коому Самуд менен Худдун коому Аад коркунучтарынын катааалдыгы менен адамдарга сокку урган кыяматты жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 69

فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهۡلِكُواْ بِٱلطَّاغِيَةِ

Аллах Самудду күчтүүлүк жана коркунуч жактан чегине жеткен катуу кыйкырык менен жок кылды. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 69

وَأَمَّا عَادٞ فَأُهۡلِكُواْ بِرِيحٖ صَرۡصَرٍ عَاتِيَةٖ

Ал эми Аадды катаалдык жактан чегине жеткен ызгаардуу суук шамал менен жок кылды. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 69

سَخَّرَهَا عَلَيۡهِمۡ سَبۡعَ لَيَالٖ وَثَمَٰنِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومٗاۖ فَتَرَى ٱلۡقَوۡمَ فِيهَا صَرۡعَىٰ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٍ خَاوِيَةٖ

Аллах аны аларга жети түн, сегиз күнгө жиберип, ал алардын бирин да калтырбай жок кылды. Сен аларды кыйроого учурагандан кийин жерге кулап чирип калган курманын тамырлары сыяктуу өз турак-жайларында жерде сулап өлүп жаткандарын көрөсүң. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 69

فَهَلۡ تَرَىٰ لَهُم مِّنۢ بَاقِيَةٖ

Сен алардын башына түшкөн азаптан кийин тирүү калган жанды көрдүңбү? info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• الصبر خلق محمود لازم للدعاة وغيرهم.
Сабырдуулук – даават кылгандарга жана башкаларга зарыл болгон мактоого татыктуу сыпат. info

• التوبة تَجُبُّ ما قبلها وهي من أسباب اصطفاء الله للعبد وجعله من عباده الصالحين.
Тобо кылуу мурунку күнөөлөрдү жок кылат жана Аллахтын пендени тандоосуна, аны такыба пенделеринен кылуусуна себеп болот. info

• تنوّع ما يرسله الله على الكفار والعصاة من عذاب دلالة على كمال قدرته وكمال عدله.
Аллах каапырларга жана күнөөкөрлөргө жиберген азаптын ар түрдүүлүгү – Анын кудуреттүүлүгү менен адилеттүүлүгүнүн кемчиликсиз экендигин билдирет. info

external-link copy
9 : 69

وَجَآءَ فِرۡعَوۡنُ وَمَن قَبۡلَهُۥ وَٱلۡمُؤۡتَفِكَٰتُ بِٱلۡخَاطِئَةِ

Фараон жана андан мурунку коомдор жана жер астын-үстүн болуп азапталган Луттун коомунун шаары ширк жана күнөөлөрдү кылуу сыяктуу туура эмес иштерди жасашты. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 69

فَعَصَوۡاْ رَسُولَ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَهُمۡ أَخۡذَةٗ رَّابِيَةً

Алардын баарысы аларга жиберилген пайгамбарына каршы чыгышты жана аны жалганга чыгарышты. Ошондо Аллах аларды түбүнө жете тургандай деңгээлде ашыкча күч менен кармады. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 69

إِنَّا لَمَّا طَغَا ٱلۡمَآءُ حَمَلۡنَٰكُمۡ فِي ٱلۡجَارِيَةِ

Суу көтөрүлүп чектен ашканда, Биз Өз буйругубуз менен силерди белдеринде көтөрүп жүргөн адамдарды Нух жасаган сүзүүчү кемеге салдык, алар силерди көтүүрүлөр болду. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 69

لِنَجۡعَلَهَا لَكُمۡ تَذۡكِرَةٗ وَتَعِيَهَآ أُذُنٞ وَٰعِيَةٞ

Биз ал кемени жана анын окуясын каапырлардын жок кылынышына жана ыймандуулардын куткарылышына далил болсун деп жана аны куйма кулак адам укканда жаттап алсын деп сабак кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 69

فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ نَفۡخَةٞ وَٰحِدَةٞ

Сурнай тартууга жоопкер болгон периште бир жолу үйлөгөндө, (ал сурнайдын экинчи жолу тартылуусу) info
التفاسير:

external-link copy
14 : 69

وَحُمِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ وَٱلۡجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةٗ وَٰحِدَةٗ

Жер менен тоолор көтөрүлөт жана алар бир жолу катуу быркырап талкаланып, жер менен тоолордун бөлүкчөлөрүн бөлүп салат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 69

فَيَوۡمَئِذٖ وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ

Ушулардын баары болгон күнү кыямат болот. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 69

وَٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَهِيَ يَوۡمَئِذٖ وَاهِيَةٞ

Ал күндө периштелер түшүү үчүн асман ачылат. Ошол күнү ал алсыз болот, ага чейин бекем жана кубаттуу эле. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 69

وَٱلۡمَلَكُ عَلَىٰٓ أَرۡجَآئِهَاۚ وَيَحۡمِلُ عَرۡشَ رَبِّكَ فَوۡقَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ ثَمَٰنِيَةٞ

Ал эми анын чет жакаларында периштелер болот. Ошол улуу күндө Раббиңдин Аршын сегиз жакын периштелери көтөрөт. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 69

يَوۡمَئِذٖ تُعۡرَضُونَ لَا تَخۡفَىٰ مِنكُمۡ خَافِيَةٞ

Оо, адамдар! Ошол күндө Аллахтын алдына турасыңар. Силерде кандай гана сыр болбосун, ал Аллахка жашыруун калбайт. Тескерисинче, Аллах аны Билүүчү жана Кабардар. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 69

فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَيَقُولُ هَآؤُمُ ٱقۡرَءُواْ كِتَٰبِيَهۡ

Кимге иш-аракеттери жазылган китеби оң тарабынан берилсе, ал сүйүнгөнүнөн мындай деп айтат: «Мынакей! Менин иш-аракеттер жазылган китебимди алып окугула. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 69

إِنِّي ظَنَنتُ أَنِّي مُلَٰقٍ حِسَابِيَهۡ

Мен дүйнөдө кайра тирилеримди жана сыйлыгыма жолугарымды анык билчүмүн». info
التفاسير:

external-link copy
21 : 69

فَهُوَ فِي عِيشَةٖ رَّاضِيَةٖ

Ал түбөлүк жыргалчылыкты көргөндө көңүлдөгүдөй жашоодо болот. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 69

فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٖ

Орду жана даражасы бийик бейиште болот. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 69

قُطُوفُهَا دَانِيَةٞ

Анын мөмө-жемиштери аны үзүүчүгө жакын болот. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 69

كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَآ أَسۡلَفۡتُمۡ فِي ٱلۡأَيَّامِ ٱلۡخَالِيَةِ

Аларга сый-урмат катары: «Дүйнөдөгү өткөн күндөрдө кылган жакшылык иштериңер себептүү эч кандай зыян тартпастан жегиле жана ичкиле» – деп айтылат. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 69

وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِشِمَالِهِۦ فَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُوتَ كِتَٰبِيَهۡ

Ал эми кимге иш-аракеттери жазылган китеби сол тарабынан берилсе, анда ал катуу өкүнүчтөн мындай деп айтат: «Аттиң-ай, мага амал китебим берилбей эле койсо экен. Ал жакта мени азапка татыктуу кылган жамандык иштерим бар. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 69

وَلَمۡ أَدۡرِ مَا حِسَابِيَهۡ

Аттиң-ай, сурагым кандай болорун билбей калсам экен. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 69

يَٰلَيۡتَهَا كَانَتِ ٱلۡقَاضِيَةَ

Аттиң, мен өлгөн өлүм, андан кийин кайра тирилүү болбогон өлүм болуп калса кана! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 69

مَآ أَغۡنَىٰ عَنِّي مَالِيَهۡۜ

Мал-мүлкүм мени Аллахтын азабынан эч коргой албады. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 69

هَلَكَ عَنِّي سُلۡطَٰنِيَهۡ

Эч кандай далилим калбады жана мен таянган күч-кубат да, кадыр-барк да жок болду». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 69

خُذُوهُ فَغُلُّوهُ

Ага айтылат: «Эй, периштелер! Аны кармагыла да, колун мойнуна байлагыла. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 69

ثُمَّ ٱلۡجَحِيمَ صَلُّوهُ

Анан аны тозокко киргизгиле, ал анын ысыктык азабын тартсын. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 69

ثُمَّ فِي سِلۡسِلَةٖ ذَرۡعُهَا سَبۡعُونَ ذِرَاعٗا فَٱسۡلُكُوهُ

Андан соң узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга киргизгиле». info
التفاسير:

external-link copy
33 : 69

إِنَّهُۥ كَانَ لَا يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ ٱلۡعَظِيمِ

Анткени ал улуу Аллахка ыйман келтирген жок. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 69

وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ

Башкаларды бей-бечарага тамак берүүгө чакырган жок. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 69

فَلَيۡسَ لَهُ ٱلۡيَوۡمَ هَٰهُنَا حَمِيمٞ

Эми кыямат күнү аны азаптан коргогон жакыны болбойт. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• المِنَّة التي على الوالد مِنَّة على الولد تستوجب الشكر.
Атага берилген жакшылык – балага берилген жакшылык болуп эсептелет. Ал үчүн шүгүр келтирүү керек. info

• إطعام الفقير والحض عليه من أسباب الوقاية من عذاب النار.
Бей-бечарага тамак берүү жана ошол ишке чакыруу – тозок азабынан сактаган себептерден. info

• شدة عذاب يوم القيامة تستوجب التوقي منه بالإيمان والعمل الصالح.
Кыямат күндөгү азаптын катаалдыгы ыйман жана жакшылык иштер менен коргонууну талап кылат. info

external-link copy
36 : 69

وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنۡ غِسۡلِينٖ

Ал үчүн тозоктогу адамдардын денесинен чыккан ириңден башка тамак-аш болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 69

لَّا يَأۡكُلُهُۥٓ إِلَّا ٱلۡخَٰطِـُٔونَ

Ал тамак-ашты күнөө жана жамандык иштерди кылган адамдар гана жешет. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 69

فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَا تُبۡصِرُونَ

Аллах силер көргөн нерселер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 69

وَمَا لَا تُبۡصِرُونَ

Жана силер көрбөгөн нерселер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 69

إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ

Чындыгында Куран – Аллахтын сөзү. Аны улуу пайгамбары адамдарга окуп берет. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 69

وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَاعِرٖۚ قَلِيلٗا مَّا تُؤۡمِنُونَ

Ал акындын сөзү эмес. Анткени ал поэзиянын ыргактарына туура келбейт. Силер аз ыйман келтиресиңер. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 69

وَلَا بِقَوۡلِ كَاهِنٖۚ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ

Ал көзү ачыктын сөзү эмес. Көзү ачыктардын сөзү бул Курандан айырмаланып турат. Силер аз эскересиңер. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 69

تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Бирок ал бүткүл макулуктардын Раббиси тараптан түшүрүлгөн. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 69

وَلَوۡ تَقَوَّلَ عَلَيۡنَا بَعۡضَ ٱلۡأَقَاوِيلِ

Эгерде Мухаммад Биз айтпаган эле кээ бир сөздөрдү Биздин атыбыздан ойлоп чыгарган болсо, info
التفاسير:

external-link copy
45 : 69

لَأَخَذۡنَا مِنۡهُ بِٱلۡيَمِينِ

Биз андан өч алмакпыз жана аны Өз күч-кудуретибиз менен кармамакпыз. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 69

ثُمَّ لَقَطَعۡنَا مِنۡهُ ٱلۡوَتِينَ

Кийин анын жүрөгү менен байланышкан тамырын кесип салмакпыз. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 69

فَمَا مِنكُم مِّنۡ أَحَدٍ عَنۡهُ حَٰجِزِينَ

Ошондо араңардан эч ким аны Бизден коргой албайт. Ал силер үчүн Биз атыбыздан жалган айтуусу мүмкүн эмес. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 69

وَإِنَّهُۥ لَتَذۡكِرَةٞ لِّلۡمُتَّقِينَ

Чындыгында Куран Раббисинин буйругун аткарып, Анын тыйгандарын таштаган такыба адамдар үчүн насыят. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 69

وَإِنَّا لَنَعۡلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ

Биз силердин араңарда бул Куран тууралуу жалган айткан адамдар бар экенин билебиз. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 69

وَإِنَّهُۥ لَحَسۡرَةٌ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ

Куранды жалганга чыгаруу – кыямат күнүндөгү чоң өкүнүч. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 69

وَإِنَّهُۥ لَحَقُّ ٱلۡيَقِينِ

Чындыгында Куран – Аллах тараптан экендигинде эч кандай шек-күмөнү жок анык чындык. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 69

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

Оо, пайгамбар! Раббиңди Ага ылайык келбеген нерселерден аруула жана улуу Раббиңдин ысымын эскер. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• تنزيه القرآن عن الشعر والكهانة.
Курандын поэзияга жана көзү ачыктыкка катышы жок. info

• خطر التَّقَوُّل على الله والافتراء عليه سبحانه.
Аллахтын атынан жалган айтуунун жана Ага жалаа жабуунун коркунучу. info

• الصبر الجميل الذي يحتسب فيه الأجر من الله ولا يُشكى لغيره.
Кооз сабырдуулук деген Аллахтан сооп үмүт кылуу жана башкаларга арызданбоо. info