Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Мулк

Purposes of the Surah:
إظهار كمال ملك الله وقدرته؛ بعثًا على خشيته، وتحذيرًا من عقابه.
Аллахтан коркууга үндөө жана Анын жазасынан сактануу максатта Анын бийлиги менен кудуреттүүлүгүнүн толуктугун ачык көргөзүү. info

external-link copy
1 : 67

تَبَٰرَكَ ٱلَّذِي بِيَدِهِ ٱلۡمُلۡكُ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ

Мүлк жалгыз Анын колунда болгон Аллахтын жакшылыгы көбөйдү жана улук болду. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч нерсе алсырата албайт. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 67

ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلۡمَوۡتَ وَٱلۡحَيَوٰةَ لِيَبۡلُوَكُمۡ أَيُّكُمۡ أَحۡسَنُ عَمَلٗاۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡغَفُورُ

Оо, адамдар! Ал силердин кимиңер жакшы иш-аракеттерди кыларыңарды сынаш үчүн өлүм менен жашоону жаратты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Кечиримдүү. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 67

ٱلَّذِي خَلَقَ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖ طِبَاقٗاۖ مَّا تَرَىٰ فِي خَلۡقِ ٱلرَّحۡمَٰنِ مِن تَفَٰوُتٖۖ فَٱرۡجِعِ ٱلۡبَصَرَ هَلۡ تَرَىٰ مِن فُطُورٖ

Ал жети асманды жаратты. Алардын ар бири эки асман бири-бирине тийишпегендей өзүнөн мурунку асмандан жогору турган өзүнчө бир катмар. Оо, назар салуучу! Сен Аллахтын жараткандарынан эч кандай айырмачылыкты жана келишпестикти таппайсың. Дагы бир жолу карап көрчү! Сен кандайдыр бир жарылууну же бөлүнүүнү көрүп жатасыңбы? Андайды эч качан көрбөйсүң. Акыйкатта сен чеберчилик жана тактык менен жаратылган нерсени гана көрөсүң. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 67

ثُمَّ ٱرۡجِعِ ٱلۡبَصَرَ كَرَّتَيۡنِ يَنقَلِبۡ إِلَيۡكَ ٱلۡبَصَرُ خَاسِئٗا وَهُوَ حَسِيرٞ

Андан кийин да улам-улам карап көрчү! Көзүң сага асмандын жаралуусунан эч кандай айып-кемчиликти көрбөстөн, кор болгон жана карагысы келбей чарчаган абалда өзүңө кайтат. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 67

وَلَقَدۡ زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِمَصَٰبِيحَ وَجَعَلۡنَٰهَا رُجُومٗا لِّلشَّيَٰطِينِۖ وَأَعۡتَدۡنَا لَهُمۡ عَذَابَ ٱلسَّعِيرِ

Жана Биз жерге эң жакын асманды жаркыраган жылдыздар менен кооздодук жана ал жылдыздарды сөз тыңшаган жин-шайтандарда атылуучу чок таш кылдык. Биз алар үчүн акыретте жалындаган отту даярдап койдук. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 67

وَلِلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡ عَذَابُ جَهَنَّمَۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ

Ал эми Раббисине каапырлык кылгандарга кыямат күнү алоолонгон тозок азабы даярдалган. Алардын кайтып барар жайы кандай жаман! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 67

إِذَآ أُلۡقُواْ فِيهَا سَمِعُواْ لَهَا شَهِيقٗا وَهِيَ تَفُورُ

Алар тозокко ыргытылганда, казан буркулдап кайнаган сыяктуу буркулдаган жаман үндү угушту. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 67

تَكَادُ تَمَيَّزُ مِنَ ٱلۡغَيۡظِۖ كُلَّمَآ أُلۡقِيَ فِيهَا فَوۡجٞ سَأَلَهُمۡ خَزَنَتُهَآ أَلَمۡ يَأۡتِكُمۡ نَذِيرٞ

Ал ага кирген адамдарга катуу каарданганынан, бири-биринен бөлүнүп-жарылып кетчүдөй болот. Ага тозоктук каапырлардын тобу ыргытылган сайын, ага жоопкер болгон периштелер аларды жемелеп: «Силерге дүйнөдө Аллахтын азабын эскерткен пайгамбар келген эмес беле?» – деп сурашат. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 67

قَالُواْ بَلَىٰ قَدۡ جَآءَنَا نَذِيرٞ فَكَذَّبۡنَا وَقُلۡنَا مَا نَزَّلَ ٱللَّهُ مِن شَيۡءٍ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ كَبِيرٖ

Каапырлар айтышты: «Ооба, бизге Аллахтын азабын эскерткен пайгамбар келген, бирок биз аны жалганга чыгарып мындай дегенбиз: «Аллах эч кандай вахий түшүргөн жок. Эй, элчилер! Силер акыйкаттан катуу адашып кеткенсиңер». info
التفاسير:

external-link copy
10 : 67

وَقَالُواْ لَوۡ كُنَّا نَسۡمَعُ أَوۡ نَعۡقِلُ مَا كُنَّا فِيٓ أَصۡحَٰبِ ٱلسَّعِيرِ

Каапырлар айтышты: «Эгерде биз пайда ала тургандай деңгээлде укканыбызда же чындыкты жалгандан айырмалай тургандай абалда акыл жүгүрткөнүбүздө, тозоктук адамдардын катарында болбойт элек. Тескерисинче, пайгамбарларга ыйман келтирип, алардын алып келгенин чындык деп тастыктап жана бейиштик адамдардан болмокпуз». info
التفاسير:

external-link copy
11 : 67

فَٱعۡتَرَفُواْ بِذَنۢبِهِمۡ فَسُحۡقٗا لِّأَصۡحَٰبِ ٱلسَّعِيرِ

Ошентип алар өздөрүнүн каапырлыгын жана жалганга чыгаргандарын моюндарына алып, тозокко татыктуу болушту. Алыс болсун, тозок ээлери! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 67

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَخۡشَوۡنَ رَبَّهُم بِٱلۡغَيۡبِ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٞ كَبِيرٞ

Чындыгында жалгыз калган кезде Аллахтан корккондор үчүн күнөөлөрүнө кечирим жана улуу сыйлык болгон бейиш бар. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• في معرفة الحكمة من خلق الموت والحياة وجوب المبادرة للعمل الصالح قبل الموت.
Өлүм менен жашоонун жаралуу максатын билүүдө, өлүм келгенге чейин жакшылык иштерди кылууга шашылууга болгон милдет камтылган. info

• حَنَقُ جهنم على الكفار وغيظها غيرةً لله سبحانه.
Тозоктун каапырларга кыжырлануусу жана ачуулануусу – Аллах тааланын кызгануусу. info

• سبق الجن الإنس في ارتياد الفضاء وكل من تعدى حده منهم، فإنه سيناله الرصد بعقاب.
Жиндер космосту адамзаттан мурун өздөштүргөн. Алардын кимиси анын чегинен чыкса, ал жазалоочу буктурмага түшөт. info

• طاعة الله وخشيته في الخلوات من أسباب المغفرة ودخول الجنة.
Жалгыз калган кезде Аллахка моюн сунуу жана Андан коркуу – кечиримдин жана бейишке кирүүнүн себептеринен. info