Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Анъам

Purposes of the Surah:
تقرير عقيدة التوحيد والرد على ضلالات المشركين.
Тавхид акыйдасын баяндоо жана мушриктердин адашууларына каяша жооп берүү. info

external-link copy
1 : 6

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَجَعَلَ ٱلظُّلُمَٰتِ وَٱلنُّورَۖ ثُمَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡ يَعۡدِلُونَ

Жакшы көрүү менен айтылган, өтө көркөм, толук сыпатталган мактоолор Аллахка гана тиешелүү. Ал мурда эч окшошу болбогон асман жана жерди жаратты, бири-биринин артынан ээрчип жүргөн түн менен күндүздү жаратты. Түндү караңгы, күндүздү жарык кылды. Ушуга карабастан, каапырлар Ага башка нерсени теңеп, шерик кошуп алышты. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• شدة عناد الكافرين، وبيان إصرارهم على الكفر على الرغم من قيام الحجة عليهم بالأدلة الحسية.
Каапырлардын өтө кежирдиги, аларга даана сезиле турган ачык-айкын далилдер көрсөтүлсө да каапырлыгын уланта берери баян кылынды info

• التأمل في سنن الله تعالى في السابقين لمعرفة أسباب هلاكهم والحذر منها.
Мурдагы коомдордун кыйратылып жок болгон себебин билип, андан сак болуу үчүн Аллах Тааланын мурдагыларга болгон сүннөт-жолуна ой жүгүртүү керек info

• من رحمة الله بعباده أن لم ينزل لهم رسولًا من الملائكة لأنهم لا يمهلون للتوبة إذا نزل.
Аллах Тааланын пенделерине болгон дагы бир ырайымы - аларга периштени элчи кылып түшүрбөгөнү, эгер түшүргөндө анда аларга тообо кылууга мүмкүнчүлүк берилмек эмес. info