Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
141 : 37

فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلۡمُدۡحَضِينَ

Кеме жүккө толгону үчүн чөгөйүн деп калды. Ошондо жүргүнчүлөр адамдын көптүгүнөн кеме чөгүп кетүүсүнөн коркуп, арасынан кээ бирлерин ыргытыш үчүн чүчү кулак ташташты. Юнус ошол утулгандардын арасында болчу. Аны деңизге ыргытышты. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• سُنَّة الله التي لا تتبدل ولا تتغير: إنجاء المؤمنين وإهلاك الكافرين.
Ыймандууларды куткарып, каапырларды жок кылуу – Аллахтын тутунган өзгөрбөс жана бурмаланбас жолу. info

• ضرورة العظة والاعتبار بمصير الذين كذبوا الرسل حتى لا يحل بهم ما حل بغيرهم.
Пайгамбарларды жалганга чыгаргандардын башына келген нерсе алардын да башына келбеш үчүн алардын акыбети кандай болгонун карап андан ибарат жана сабак алуунун зарылдыгы. info

• جواز القُرْعة شرعًا لقوله تعالى: ﴿ فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ اْلْمُدْحَضِينَ ﴾.
Шариятта чүчү кулак тартуу уруксат. Анткени Аллах айтты: «Чүчү кулак тартышканда ал жеңилгендерден болуп калды». info