Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
13 : 33

وَإِذۡ قَالَت طَّآئِفَةٞ مِّنۡهُمۡ يَٰٓأَهۡلَ يَثۡرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمۡ فَٱرۡجِعُواْۚ وَيَسۡتَـٔۡذِنُ فَرِيقٞ مِّنۡهُمُ ٱلنَّبِيَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوۡرَةٞ وَمَا هِيَ بِعَوۡرَةٍۖ إِن يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارٗا

Оо, пайгамбар! Эстечи, ошол кезде эки жүздүүлөрдүн бир тобу Мединанын элине: «Эй, Ясрибдин эли! (Ясриб Мединанын Исламга чейинки аталышы) Хандакка жакын жердеги Сала тоосунун этегинде турбай эле койгула! Андан көрө үйүңөргө кайткыла!» – дешти. Ал эми алардын башка бир тобу «үйлөрүбүз душманга ачык калды» деген шылтоо менен пайгамбардан үйлөрүнө кетүүгө уруксат сурашты. Бирок алар ойлогондой ачык калган эмес. Акыйкатта алар бул жалган шылтоо менен душмандан качууну каалашкан. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• منزلة أولي العزم من الرسل.
Элчилердин арасында туруктуулук ээлеринин (уулуль-аъзм) кадыр-барктуулугу. info

• تأييد الله لعباده المؤمنين عند نزول الشدائد.
Кыйынчылык келгенде Аллахтын ыймандууларга көрсөткөн колдоосу. info

• خذلان المنافقين للمؤمنين في المحن.
Кыйынчылык келгенде эки жүздүүлөрдүн ыймандууларды жардамсыз таштоосу. info