Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
86 : 27

أَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا جَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِيَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ

Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар карашпайбы, Биз алар уктап эс алуулары үчүн түндү жараттык жана алар көрүп, жумуштарын кылуу үчүн күндүздү жарык кылдык. Чындыгында бул кайра-кайра кайталанган өлүмдө жана андан кийин кайра тирилүүдө ыйман келтирген адамдар үчүн ачык-айкын белгилер бар. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• أهمية التوكل على الله.
Аллахка тобокел кылуунун маанилүүлүгү. info

• تزكية النبي صلى الله عليه وسلم بأنه على الحق الواضح.
Пайгамбар анык акыйкатта экендигин айтып аны айыптардан тазалоо. info

• هداية التوفيق بيد الله، وليست بيد الرسول صلى الله عليه وسلم.
Туура жолго салуу пайгамбардын эмес, Аллахтын колундагы иш. info

• دلالة النوم على الموت، والاستيقاظ على البعث.
Уйку өлүмгө, ойгонуу кайра тирилүүгө далил болот. info