Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
19 : 27

فَتَبَسَّمَ ضَاحِكٗا مِّن قَوۡلِهَا وَقَالَ رَبِّ أَوۡزِعۡنِيٓ أَنۡ أَشۡكُرَ نِعۡمَتَكَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ وَعَلَىٰ وَٰلِدَيَّ وَأَنۡ أَعۡمَلَ صَٰلِحٗا تَرۡضَىٰهُ وَأَدۡخِلۡنِي بِرَحۡمَتِكَ فِي عِبَادِكَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Качан Сулайман анын бул айткан сөзүн укканда ага жылмайып күлдү жана Раббисине дуба кылып айтты: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга мага мүмкүнчүлүк бер жана аны көңүлүмө сал! Ошондой эле Сен ыраазы болгон жакшылык иштерди кылууга ийгилик бер жана такыба пенделериң менен биргеликте мени Өз ырайымыңа ал». info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• التبسم ضحك أهل الوقار.
Жылмаюу – салабаттуу адамдардын күлгөнү. info

• شكر النعم أدب الأنبياء والصالحين مع ربهم.
Жакшылыктарга шүгүр кылуу пайгамбарлардын жана такыбалуу, жакшы адамдардын Раббиси менен болгон адеби. info

• الاعتذار عن أهل الصلاح بظهر الغيب.
Жакшы адамдарды өзү жок кезинде каталарын кечирим менен кароо. info

• سياسة الرعية بإيقاع العقاب على من يستحقه، وقبول عذر أصحاب الأعذار.
Кол астындагылардын арасынан жазага татыктууларын жазалоо менен аларды башкаруу жана кечиримдүү себептери бар адамдарга кечирим берүү. info

• قد يوجد من العلم عند الأصاغر ما لا يوجد عند الأكابر.
Кээде улууларда болбогон илим кичүүлөрдө болушу мүмкүн. info