Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
60 : 24

وَٱلۡقَوَٰعِدُ مِنَ ٱلنِّسَآءِ ٱلَّٰتِي لَا يَرۡجُونَ نِكَاحٗا فَلَيۡسَ عَلَيۡهِنَّ جُنَاحٌ أَن يَضَعۡنَ ثِيَابَهُنَّ غَيۡرَ مُتَبَرِّجَٰتِۭ بِزِينَةٖۖ وَأَن يَسۡتَعۡفِفۡنَ خَيۡرٞ لَّهُنَّۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٞ

Карылык себептүү айызы жана төрөтү токтоп, турмушка чыгууга каалоосу жок улгайган аялдар жаап жашырууга буйрулган жашыруун кооздуктарын көрсөтпөстөн, чепкен же жүзүн тоскон жоолук сыяктуу кээ бир тыш кийимдерин чечсе күнөө эмес. Бирок ал үчүн тыш кийимдерин чечкенге караганда жамынууга жана абийирдүүлүккө көңүл буруп чечпегени жакшыраак. Аллах алардын сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жакында алардын жазасын же сыйлыгын берет. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• جواز وضع العجائز بعض ثيابهنّ لانتفاء الريبة من ذلك.
Улгайган аялдар үчүн шектенүү болбогону себептүү кээ бир кийимдерин чечүүгө уруксат. info

• الاحتياط في الدين شأن المتقين.
Динде этияттыкты кармануу – такыба адамдардын жолу. info

• الأعذار سبب في تخفيف التكليف.
Кечиримдүү себептердин жаралышы – милдеттин жеңилдөөсүнө себеп болот. info

• المجتمع المسلم مجتمع التكافل والتآزر والتآخي.
Мусулман коомчулугу – өз ара тилектештикке, жардам берүүгө жана бир туугандыкка негизделген коом. info