Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
59 : 24

وَإِذَا بَلَغَ ٱلۡأَطۡفَٰلُ مِنكُمُ ٱلۡحُلُمَ فَلۡيَسۡتَـٔۡذِنُواْ كَمَا ٱسۡتَـٔۡذَنَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمۡ ءَايَٰتِهِۦۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ

Эгерде силерден болгон жаш балдар балагатка жетсе, алар үйлөргө киргенде мурда чоңдорго байланыштуу айтылгандай алар дагы ар дайым уруксат сурап киришсин деп айткыла. Аллах силерге уруксат суроо өкүмдөрүн баяндаган сыяктуу Ал силерге Өзүнүн аяттарын да баяндайт. Аллах пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү, аларга өкүмдөрдү шарият кылууда Даанышман. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• جواز وضع العجائز بعض ثيابهنّ لانتفاء الريبة من ذلك.
Улгайган аялдар үчүн шектенүү болбогону себептүү кээ бир кийимдерин чечүүгө уруксат. info

• الاحتياط في الدين شأن المتقين.
Динде этияттыкты кармануу – такыба адамдардын жолу. info

• الأعذار سبب في تخفيف التكليف.
Кечиримдүү себептердин жаралышы – милдеттин жеңилдөөсүнө себеп болот. info

• المجتمع المسلم مجتمع التكافل والتآزر والتآخي.
Мусулман коомчулугу – өз ара тилектештикке, жардам берүүгө жана бир туугандыкка негизделген коом. info