Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
6 : 22

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّهُۥ يُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَأَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Силердин абалкы жаралууңар, анын баскычтары жана араңардан төрөлгөндөрдүн абалдары сыяктуу Биз силерге айтып өткөн нерселерди – чыныгы акыйкат силер сыйынган айкел-буттар эмес, силерди жараткан Аллах чыныгы акыйкат экенине ыйман келтирүүңөр үчүн жана Ал өлүктөрдү тирилтерине, Ал бардык нерсеге кудуреттүү жана Аны эч бир нерсе алсырата албасына ыйман келтирүүңөр үчүн айттык. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• أسباب الهداية إما علم يوصل به إلى الحق، أو هادٍ يدلهم إليه، أو كتاب يوثق به يهديهم إليه.
Туура жолго түшүүнүн себептери – акыйкатка жеткирген илим же ага багыттаган багыттоочу же ага жол көргөзгөн ишенимдүү китеп аркылуу болот. info

• الكبر خُلُق يمنع من التوفيق للحق.
Текеберлик — акыйкатка ийгиликтүү жетүүгө тоскоолдук кылган сыпат. info

• من عدل الله أنه لا يعاقب إلا على ذنب.
Күнөө үчүн гана жазалоо – Аллахтын адилеттүүлүгүнөн. info

• الله ناصرٌ نبيَّه ودينه ولو كره الكافرون.
Каапырлар жаман көрүшсө да Аллах пайгамбарын жана динин колдойт. info