Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
40 : 20

إِذۡ تَمۡشِيٓ أُخۡتُكَ فَتَقُولُ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ مَن يَكۡفُلُهُۥۖ فَرَجَعۡنَٰكَ إِلَىٰٓ أُمِّكَ كَيۡ تَقَرَّ عَيۡنُهَا وَلَا تَحۡزَنَۚ وَقَتَلۡتَ نَفۡسٗا فَنَجَّيۡنَٰكَ مِنَ ٱلۡغَمِّ وَفَتَنَّٰكَ فُتُونٗاۚ فَلَبِثۡتَ سِنِينَ فِيٓ أَهۡلِ مَدۡيَنَ ثُمَّ جِئۡتَ عَلَىٰ قَدَرٖ يَٰمُوسَىٰ

Ошондо эжең чыгып сандыктын артынан калбай ээрчип, аны алган адамдарга: «Силерге муну бага турган, эмизип тарбиялай турган адамды көргөзөйүнбү?» — деп жатты. Апаң кайгыдан арылып, кубануусу үчүн сени ага кайтарып, Биз сага жакшылык кылдык. Кийин бир коптту бир уруп өлтүрүп койдуң. Ошондо Биз сени жазадан куткарып калдык. Сен туш болгон бардык сыноолордон сени куткардык. Анан ал жактан кетип, Мадиян элинде бир нече жыл туруп калдың. Эй, Муса! Андан соң сени менен сүйлөшүү белгиленген убакытта бул жакка келдиң. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• كمال اعتناء الله بكليمه موسى عليه السلام والأنبياء والرسل، ولورثتهم نصيب من هذا الاعتناء على حسب أحوالهم مع الله.
Мусага, пайгамбарларга жана элчилерге болгон Аллахтын камкордугунун толуктугу. Ошондой эле алардын мураскорлору да Аллах менен болгон абалдарына жараша бул камкордукка ээ болушат. info

• من الهداية العامة للمخلوقات أن تجد كل مخلوق يسعى لما خلق له من المنافع، وفي دفع المضار عن نفسه.
Жаратылгандардын баарына Аллах тарабынан жашоолорунда жол көрсөтүлгөн. Андыктан ар бир жаратылыштын мүчөсү пайдалуу нерселерге жетүүгө, зыяндуу нерселерди өзүнөн алыстатууга аракет кылат. info

• بيان فضيلة الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر، وأن ذلك يكون باللين من القول لمن معه القوة، وضُمِنَت له العصمة.
Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюунун артыкчылыгын баяндоо. Бул нерсе күч-кубатка жана коргоо кепилдигине ээ болгон адамга сылык сөз менен болуусу керек. info

• الله هو المختص بعلم الغيب في الماضي والحاضر والمستقبل.
Өткөн чак, учур чак жана келечекке байланыштуу кайып илими Аллахка гана таандык. info