Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Page Number:close

external-link copy
187 : 2

أُحِلَّ لَكُمۡ لَيۡلَةَ ٱلصِّيَامِ ٱلرَّفَثُ إِلَىٰ نِسَآئِكُمۡۚ هُنَّ لِبَاسٞ لَّكُمۡ وَأَنتُمۡ لِبَاسٞ لَّهُنَّۗ عَلِمَ ٱللَّهُ أَنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَخۡتَانُونَ أَنفُسَكُمۡ فَتَابَ عَلَيۡكُمۡ وَعَفَا عَنكُمۡۖ فَٱلۡـَٰٔنَ بَٰشِرُوهُنَّ وَٱبۡتَغُواْ مَا كَتَبَ ٱللَّهُ لَكُمۡۚ وَكُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكُمُ ٱلۡخَيۡطُ ٱلۡأَبۡيَضُ مِنَ ٱلۡخَيۡطِ ٱلۡأَسۡوَدِ مِنَ ٱلۡفَجۡرِۖ ثُمَّ أَتِمُّواْ ٱلصِّيَامَ إِلَى ٱلَّيۡلِۚ وَلَا تُبَٰشِرُوهُنَّ وَأَنتُمۡ عَٰكِفُونَ فِي ٱلۡمَسَٰجِدِۗ تِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِ فَلَا تَقۡرَبُوهَاۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ ءَايَٰتِهِۦ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ

Орозо жаңы парз болгон учурда, эгер киши түн ичинде уктап, анан таң атканга чейин кайра ойгонсо, ага аялы менен жакындашууга жана тамак жегенге тыюу салынган болчу. Кийин Аллах Таала бул өкүмдү жокко чыгарды жана таң атканга чейин мындай иштерди аткарууну ыктыярдуу кылды, эй, ыймандуулар, орозо айында түн ичинде аялыңар менен кошула бергиле, алар силерге, силер аларга көшөгө, тосмосуңар, бири-бириңден пайдалангыла, Аллах Таала таза-топук урук-урпак берүүсүн сурангыла, түнү менен ичип-жей бергиле, качан гана чыныгы таң башталып жерге жарык кире баштаганда токтоткула. Анан кечинде күн батканча орозо кармагыла. Мечитте этикафта отурсаңар аялыңар менен кошулбагыла, бул этикафты бузат. Бул өкүмдөр Аллах Тааланын арам менен адалдын ортосуна койгон чеги ага жакындабагыла. Ким Аллахтын чегине жакындаса, арамга кирип кетүү коркунучу бар, Аллах Таала аяттарын адамдар Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып сактануу үчүн ачык-айкын баян кылат info
التفاسير:

external-link copy
188 : 2

وَلَا تَأۡكُلُوٓاْ أَمۡوَٰلَكُم بَيۡنَكُم بِٱلۡبَٰطِلِ وَتُدۡلُواْ بِهَآ إِلَى ٱلۡحُكَّامِ لِتَأۡكُلُواْ فَرِيقٗا مِّنۡ أَمۡوَٰلِ ٱلنَّاسِ بِٱلۡإِثۡمِ وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ

Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү уурулук, тартып алуу жана алдамчылык сыяктуу шариятка каршы келген жолдо албагыла. Жана адамдардын мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн алуу үчүн күнөөгө аралашып, анын айынан соттордун алдында талашып-тартышпагыла. Аллах муну арам кылганын билесиңер. Күнөөнүн арам экенин билип туруп аны кылуу өтө жийиркеничтүү жана жазасы катаал. info
التفاسير:

external-link copy
189 : 2

۞ يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡأَهِلَّةِۖ قُلۡ هِيَ مَوَٰقِيتُ لِلنَّاسِ وَٱلۡحَجِّۗ وَلَيۡسَ ٱلۡبِرُّ بِأَن تَأۡتُواْ ٱلۡبُيُوتَ مِن ظُهُورِهَا وَلَٰكِنَّ ٱلۡبِرَّ مَنِ ٱتَّقَىٰۗ وَأۡتُواْ ٱلۡبُيُوتَ مِنۡ أَبۡوَٰبِهَاۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ

Оо, пайгамбар! Алар сенден айлардын жаңыруусу жана алардын абалдарынын өзгөрүүсү тууралуу сурашат. Аларга жооп катары мунун даанышман сырын айт: «Алар адамдар үчүн белгиленген убакыттар. Алар аркылуу ажылык айлары, орозо айы, зекетте бир жылдын толук бүтүшү сыяктуу ибадаттардын убактыларын билишет, ошондой эле кундарды жана карыздарды төлөө мөөнөттөрүн белгилөө сыяктуу өз ара мамилелердеги убакыттарды билишет». Силер Исламга чейинки динсиз доордо ойлогонуңардай ажылык же умра үчүн ихрам кийгенде үйдүн арт жагынан киргениңер жакшылык иш эмес. Бирок чыныгы жакшылык – ичинен да, сыртынан да Аллахтан корккон адамдын жакшылыгы. Ал эми үйлөргө эшигинен киргениңер силер үчүн эң жеңили жана машакат жаратпаганы. Анткени Аллах силерге оорчулук жана машакат жараткан нерселерди жүктөгөн эмес. Өзүңөр менен Аллахтын азабынын ортосуна жакшылык иштерди коргонуч кылгыла. Балким каалаган нерсеңерге жетип, корккон нерсеңерден кутулуу менен ийгиликке жетерсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
190 : 2

وَقَٰتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ٱلَّذِينَ يُقَٰتِلُونَكُمۡ وَلَا تَعۡتَدُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُعۡتَدِينَ

Силерди Аллахтын дининен кайтаруу үчүн силерге каршы согушкан каапырлар менен Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согушкула. Жаш балдарды, аялдарды жана кары-картаңдарды өлтүрүп же өлүктөрдүн денесин кескилеп жана ушул сыяктуу нерселерди кылуу менен Аллахтын чектеринен чыкпагыла. Чындыгында Аллах шариятында жана өкүмдөрүндө Анын чектеринен чыккандарды жакшы көрбөйт. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• مشروعية الاعتكاف، وهو لزوم المسجد للعبادة؛ ولهذا يُنهى عن كل ما يعارض مقصود الاعتكاف، ومنه مباشرة المرأة.
Этикафка отуруу шариятта көрсөтүлгөн. Ал мечиттен чыкпай ибадат кылуу. Ошол себептен этикафтын максатына каршы келген бардык иштерге, анын ичинде аялы менен жыныстык мамиле кылууга тыюу салынат. info

• النهي عن أكل أموال الناس بالباطل، وتحريم كل الوسائل والأساليب التي تقود لذلك، ومنها الرشوة.
Адамдардын мал-мүлкүн жалган жолдо жештен тыюу жана ага алып баруучу бардык каражаттардын жана ыкмалардын, анын ичинде паракорлуктун арамдыгы. info

• تحريم الاعتداء والنهي عنه؛ لأن هذا الدين قائم على العدل والإحسان.
Зордук-зомбулук көрсөтүү арам жана ал тыйылган. Анткени бул дин адилеттүүлүккө жана жакшылык кылууга негизделген. info