Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
67 : 18

قَالَ إِنَّكَ لَن تَسۡتَطِيعَ مَعِيَ صَبۡرٗا

Кыдыр айтты: «Чындыгында сен менден көргөн илимге сабыр кыла албайсың. Анткени ал сендеги илимге төп келе бербейт. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• استحباب كون خادم الإنسان ذكيًّا فطنًا كَيِّسًا ليتم له أمره الذي يريده.
Адам көздөгөн ишин акырына чейин чыгуу үчүн анын кызматчысы акылдуу, көрөгөч жана зирек болгону жакшы. info

• أن المعونة تنزل على العبد على حسب قيامه بالمأمور به، وأن الموافق لأمر الله يُعان ما لا يُعان غيره.
Пендеге жардам анын буйруктарды аткарганына жараша келет. Ал эми Аллахтын буйругуна ылайык иш кылган адамга Ал башкалардан мурун жардам берет. info

• التأدب مع المعلم، وخطاب المتعلم إياه ألطف خطاب.
Устаз менен болгон мамиледеги адептүүлүк. Шакирттин ага болгон кайрылуусу эң сылык түрдө болуш керек. info

• النسيان لا يقتضي المؤاخذة، ولا يدخل تحت التكليف، ولا يتعلق به حكم.
Унутуп калуу – жоопко тартууну талап кылбайт, шарият милдеттерин аткаруу өкүмүнө кирбейт жана ага эч бир өкүм байланышкан эмес. info

• تعلم العالم الفاضل للعلم الذي لم يَتَمَهَّر فيه ممن مهر فيه، وإن كان دونه في العلم بدرجات كثيرة.
Кадырлуу аалымдын өзү жакшы билбеген илимди андан жакшыраак билгенден үйрөнүүсү, ал адамдын илим даражасы андан көп эсе төмөн болсо дагы. info

• إضافة العلم وغيره من الفضائل لله تعالى، والإقرار بذلك، وشكر الله عليها.
Илимди жана башка артыкчылыктарды Аллах таалага таандык кылуу, аны моюнга алуу жана алар үчүн Аллахка шүгүр кылуу. info