Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
65 : 17

إِنَّ عِبَادِي لَيۡسَ لَكَ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٞۚ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ وَكِيلٗا

Эй, Иблис! Чындыгында сен Мага баш ийген ыймандуу пенделеримдин үстүнөн бийлик кыла албайсың! Анткени Аллах аларды сенин жамандыгыңдан коргойт. Бардык ишинде Ага гана таянган адамга Аллах жетиштүү Коргоочу. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• من رحمة الله بالناس عدم إنزاله الآيات التي يطلبها المكذبون حتى لا يعاجلهم بالعقاب إذا كذبوا بها.
Жалганчылар талап кылган кереметтерди түшүрбөө – Аллахтын адамдарга болгон ырайымдуулугунан. Себеби аларды жалганга чыгара турган болсо, аларга тезинен азап келиши ыктымал. info

• ابتلى الله العباد بالشيطان الداعي لهم إلى معصية الله بأقواله وأفعاله.
Аллах пенделерди шайтан аркылуу сынайт. Ал аларды сөзү жана иштери менен Аллахка моюн сунбоого чакырат. info

• من صور مشاركة الشيطان للإنسان في الأموال والأولاد: ترك التسمية عند الطعام والشراب والجماع، وعدم تأديب الأولاد.
Адамдын мал-мүлкүнө, бала-чакасына шайтандын шерик болгонунун кээ бир көрүнүштөрүнөн – тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана жыныстык мамиледен алдын «бисмиллах» деп айтпоо жана балдарга туура эмес адеп берүү. info