Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
91 : 11

قَالُواْ يَٰشُعَيۡبُ مَا نَفۡقَهُ كَثِيرٗا مِّمَّا تَقُولُ وَإِنَّا لَنَرَىٰكَ فِينَا ضَعِيفٗاۖ وَلَوۡلَا رَهۡطُكَ لَرَجَمۡنَٰكَۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡنَا بِعَزِيزٖ

Шуайбдын эли Шуайбга айтты: “Эй, Шуайб! Сен алып келген нерсеге көп түшүнө бербейбиз. Сени биздин арабыздан алсыз ойлойбуз, анткени эки көзүң жакшы көрбөйт же көр болуп калгансың. Эгерде сенин урук туугандарың биздин динибизде болбогондо, сени таш бараңга алып өлтүрмөкпүз. Сени өлтүрүүдөн корккондой сен бизге сыйлуу эмессиң. Болгону сенин жакын туугандарыңды урматтаганыбыздан сени өлтүрбөй таштап койдук”. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• ذمّ الجهلة الذين لا يفقهون عن الأنبياء ما جاؤوا به من الآيات.
Пайгамбарлар алып келген аят-белгилерди түшүнбөгөн наадандарды жемелөө. info

• ذمّ وتسفيه من اشتغل بأوامر الناس، وأعرض عن أوامر الله.
Аллахтын буйруктарынан жүз буруп, адамдардын буйруктарын аткаргандарды жемелөө жана акылсыз деп айыптоо. info

• بيان دور العشيرة في نصرة الدعوة والدعاة.
Дааватка жана даават кылгандарга жардам берүүдө жакын туугандардын ордун баяндоо. info

• طرد المشركين من رحمة الله تعالى.
Мушриктердин Аллах тааланын ырайымынан алыстатылуусу. info