Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

external-link copy
28 : 11

قَالَ يَٰقَوۡمِ أَرَءَيۡتُمۡ إِن كُنتُ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّي وَءَاتَىٰنِي رَحۡمَةٗ مِّنۡ عِندِهِۦ فَعُمِّيَتۡ عَلَيۡكُمۡ أَنُلۡزِمُكُمُوهَا وَأَنتُمۡ لَهَا كَٰرِهُونَ

Аларга Нух айтты: Оо, элдер! Айткылачы мага? Эгерде Раббимден менин чынчылдыгымды тастыктаган жана мага ишенүүңөрдү милдет кылган далил менен келип турсам. Ошондой эле Аллах мага Өзүнөн ырайымдуулукту берди. Ал – пайгамбарчылык жана элчилик. Ал нерседе силер наадан болгондуктан аны силреден жашырып койду. Эми ошол нерсеге ыйман келтирүүгө биз силерди мажбурлашыбыз керекпи? Биз силерди кыйнап аны жүрөгүңөргө киргизишибиз керекпи? Ал нерсе колубуздан келбейт. Аллахтан башка эч ким ыйманга багыттай албайт. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• الكافر لا ينتفع بسمعه وبصره انتفاعًا يقود للإيمان، فهما كالمُنْتَفِيَين عنه بخلاف المؤمن.
Каапыр адам өз көзүн жана кулагын аны ыйманга жетелей тургандай кылып пайдалана албайт. Ал мүчөлөрү анда жокко барабар. Ал эми ыймандуу адам тескерисинче аларды туура пайдаланат. info

• سُنَّة الله في أتباع الرسل أنهم الفقراء والضعفاء لخلوِّهم من الكِبْر، وخُصُومهم الأشراف والرؤساء.
Аллахтын табияттагы белгилериен пайгамбарларды ээрчигендер кедей жана алсыз болушат. Анткени аларда текеберчилик жок. Ошондой эле адат боюнча аларга аттуу-баштуулар каршылык көрсөтүшөт. info

• تكبُّر الأشراف والرؤساء واحتقارهم لمن دونهم في غالب الأحيان.
Көпчүлүк учурларда аттуу-баштуулар текеберленишип өздөрүнөн ылдый тургандарды адам катары көрүшпөйт. info