Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Shamsuddin Hakimov

Инфитар

external-link copy
1 : 82

إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتۡ

Асман жарылып, info
التفاسير:

external-link copy
2 : 82

وَإِذَا ٱلۡكَوَاكِبُ ٱنتَثَرَتۡ

Жылдыздар төгүлүп, info
التفاسير:

external-link copy
3 : 82

وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ فُجِّرَتۡ

деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда... info
التفاسير:

external-link copy
4 : 82

وَإِذَا ٱلۡقُبُورُ بُعۡثِرَتۡ

Жана мүрзөлөр оодарылганда... info
التفاسير:

external-link copy
5 : 82

عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّا قَدَّمَتۡ وَأَخَّرَتۡ

(Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат.[1] info

[1] Кыяматта мүрзөлөр оодарылып, ичиндеги өлүктөргө жан киргизилип, жер сыртына чыгарылат. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам “Силер (ал күнү) жылаңайлак, жылаңач, “сүннөт” кылынбаган абалда (сот-сурак майданына) чогултуласыңар” деген. (“Мишкатул масаабих”. 3/75. 5535-хадис).

التفاسير:

external-link copy
6 : 82

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡإِنسَٰنُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ ٱلۡكَرِيمِ

Оо, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду?! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 82

ٱلَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّىٰكَ فَعَدَلَكَ

Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 82

فِيٓ أَيِّ صُورَةٖ مَّا شَآءَ رَكَّبَكَ

Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 82

كَلَّا بَلۡ تُكَذِّبُونَ بِٱلدِّينِ

Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 82

وَإِنَّ عَلَيۡكُمۡ لَحَٰفِظِينَ

Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 82

كِرَامٗا كَٰتِبِينَ

(Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 82

يَعۡلَمُونَ مَا تَفۡعَلُونَ

Силердин бардык ишиңерди билип турушат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 82

إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ لَفِي نَعِيمٖ

Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде.[1] info

[1] Бул жерде «жакшы кишилер» деп Аллахтын жана адамдардын укугун таанып, аларга кыянат кылбаган жана жаман ойду ойлобогон, жаман иштерди жасабаган кишилерге айтылган.

التفاسير:

external-link copy
14 : 82

وَإِنَّ ٱلۡفُجَّارَ لَفِي جَحِيمٖ

Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат! info
التفاسير:

external-link copy
15 : 82

يَصۡلَوۡنَهَا يَوۡمَ ٱلدِّينِ

Алар ага (тозокко) сурак күнү ташталат! info
التفاسير:

external-link copy
16 : 82

وَمَا هُمۡ عَنۡهَا بِغَآئِبِينَ

Анан андан чыга алышпайт! info
التفاسير:

external-link copy
17 : 82

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ

(Оо, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң? info
التفاسير:

external-link copy
18 : 82

ثُمَّ مَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ

Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?[1] info

[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам кайып кабарларын Алла тааладан вахий аркылуу кабар келмейинче, өз алдынча билген эмес.

التفاسير:

external-link copy
19 : 82

يَوۡمَ لَا تَمۡلِكُ نَفۡسٞ لِّنَفۡسٖ شَيۡـٔٗاۖ وَٱلۡأَمۡرُ يَوۡمَئِذٖ لِّلَّهِ

Ал күнү (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллахтын ыктыярында! info
التفاسير: