[1] Исламга чейинки доордогу арабдар арасында «зихар» деген салт бар болчу. «Зихар» деген сөздүн түз мааниси «жон», «бел» дегенди түшүндүрөт. Маселен, бир эркек аялы менен жатканда ага «сенин жонуң (же белиң же мойнуң, же денең, же саның ж.б.у.с.) менин апамдын жонуна окшойт экен» десе, же аялы менен араздаша кеткенде ага «сен мага апамдын белиндей болуп кал!» десе – бүттү. Ошол бир гана сөз менен талак түшүп аялы апасы сыяктуу болуп калган жана мындай абалда аялы менен ажырашууга туура келген. Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга картайып калган сахаба аялдардын бири Хавла бинти Саълаба келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Күйөөмө мен гүлгүн курагымда керек болуп, эми керегим тийбей калыптыр! Ал мени зихар кылды. Бирок, мен ажырашууну каалабаймын. Ортодо перзенттерибиз бар!» деп арызданат. Бирок, пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салам Аллах тааладан жаңы өкүм келбегени себептүү, салт боюнча «сен анда эриңе талак болуптурсуң» дейт. Каңырыгы түтөгөн аял зихар салтына баш ийгиси келбей, пайгамбарыбыз менен сөз талашып, акырында «Оо, Аллахым! Мен Өзүңө арызданамын!» - деп жалбарат жана кетпей, отуруп алат. Ошол маалда пайгамбарыбыз унчукпай калат. Ошол маалда ага Аллах тааладан зихар өкүмүн жокко чыгарган аяттар түшкөн.
[1] Аллах тааланын күбөлүгү - Анын ар бир нерсени билип, көрүп, угуп, байкап жана көзөмөлдөп туруусу. Ал караңгы түн ичиндеги кара таштын үстүндөгү кара кумурсканы да көрөт жана кыймылындагы шыбырын угат.
[1] Аллахтын бирге болуусу - Заты менен эмес, бардык нерселерди камтыган илими менен.
[1] Ушул аяттан баштап Аллах таала Мединадагы мунафык-эки жүздүү адамдар менен яхудилердин баянына өтөт. Алар качан көчөдөн бир мусулманды көрсө, дароо үчөө-төртөө болуп, бөлүнүшүп, оолак жерлерде мусулмандарды ушактап, душмандык эрежелерин түзүшчү. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам аларды бул жоругунан кайтарса деле болбой, өз билгенин жасаша берген.
[2] Аллах таала пайгамбарыбызга «Ассаламу алайка» (сага Аллахтан тынчтык-саламаттык болсун!) деп салам берген жана ушуну үйрөткөн. Ал эми, яхудилер болсо, пайгамбарыбызга жолукса угулаар-угулбас шыбырап «Ас-сааму алайка» (сага өлүм болсун) - дешкен.
[1] Пайгамбарыбыз менен жекече сүйлөшүүнү каалагандар көбөйүп, адамдар кезек күтүп, мунун натыйжасында пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам эс алууга да убакыт таппай калганда Аллах таала ушул өкүмдү парыз кылды.
[1] Намаз менен зекет башка ибадаттарга эне сыяктуу. Ушул экөөсүн толук аткаргандар башкаларын да аткара алат. Экөөнү аткарбагандар башка ибадаттарды да жарытпайт. Ал эми, эч кандай себепсиз намаз окубай жүргөн адамдардын башка ибадаттары кабыл болбойт.
[1] Мусулман дейин десең, ичи каапыр. Яхуди дейин десең, мусулмандар менен жанаша намаз окуп, орозо кармап жүрүшөт...