[1] Аллах тааланын бирге болушу Заты менен эмес, ар нерсени камтыган илими менен.
[1] Жакшы-жаман иштердин бардыгы Аллахтын периштелери тарабынан жазылып, ээси менен кошо Акыретке – Аллахтын алдына барат жана Аллах ошол иштерге карап, пендесине жаза же сыйлык берет.
[1] Түндүн сааттарын күндүзгө киргизгенде күн узарат: жаз-жай мезгилдери келет. Ал эми, күндүздүн сааттарын түнгө киргизгенде түн узарып, күз-кыш айлары келет.
[1] Ар бир адамдын байлыгы чынында Аллахтын мүкү. Аллах ал адамды Өз мүлкүнө убактылуу орунбасар кылып койгон.
[1] "Фатх" - бул мусулмандардын Меккени алуулары. Ошого чейин мусулмандар оор абалда болгон. Мекке фатх кылынгандан кийин саясий-экономикалык абал оңолгон.
[1] Фидия - Азап-жазадан кутулуу үчүн төлөнө турган нерсе.
[1] Ыйман-амалы жана илими жогорку деңгээлдеги адамдар.
[1] "Матаа" арабча "мутьа" - пайдалануу деген сөздөн алынган. Адам перзенти напсине азгырылып, "пайда-пайда" деп, жуткунуп жүрүп акыретти унутуп калат.
[1] Мунафыктар пайгамбар катышкан согуштарга катышып, ал жокто согушка катышпайт болчу. Аяттын дагы бир маанисинде «жардам берген адамдардан» Аллахты жана пайгамбарларын көрбөй туруп жихад кылган адамдар түшүнүлөт.
[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарчылыгын четке кагышат.
[1] Бири Муса менен Исага ыйман келтиргени үчүн болсо, экинчиси Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды тастыктаганы үчүн.
[1] Ибрахим пайгамбардан бери өздөрүнүн арасынан удаама-удаа пайгамбарлар чыгышына көнүп калган яхуди улутундагы иудейлер менен христиандар акыркы пайгамбарлык арабдар арасындагы Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга берилсе, көралбастык менен ага ыйман келтирүүдөн караманча баш тартышкан эле.