[1] Аллахтын динине жардам берүү - бул даават-түшүндүрүү менен, дин илимин окуу-окутуу, мечит-медреселер куруу, дин жолунда иштегендерге колдоо көргөзүү жана ушул сыяктуу аракеттер менен болот. Булардын бардыгы жеңил эмес талаптар. Бирок, Аллах Өзүнө тобокел деп ташталган кадамды бекем кылат.