Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Shamsuddin Hakimov

Page Number:close

external-link copy
49 : 34

قُلۡ جَآءَ ٱلۡحَقُّ وَمَا يُبۡدِئُ ٱلۡبَٰطِلُ وَمَا يُعِيدُ

Айт: «Акыйкат (Ислам дини) келди. (Жалган-ширк алсыз болуп калды) эми жалган (өз ишин) баштай да албайт, кайталай да албайт!» info
التفاسير:

external-link copy
50 : 34

قُلۡ إِن ضَلَلۡتُ فَإِنَّمَآ أَضِلُّ عَلَىٰ نَفۡسِيۖ وَإِنِ ٱهۡتَدَيۡتُ فَبِمَا يُوحِيٓ إِلَيَّ رَبِّيٓۚ إِنَّهُۥ سَمِيعٞ قَرِيبٞ

(Мушриктерге) айт: «Эгер мен (силер айткандай) адашкан болсом, өзүмдүн зыяныма адашкан боломун. Ал эми, туура жол тапкан болсом, бул мага Раббим вахий кылган нерсе себептүү. Ал – Угуучу, Жакын». info
التفاسير:

external-link copy
51 : 34

وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذۡ فَزِعُواْ فَلَا فَوۡتَ وَأُخِذُواْ مِن مَّكَانٖ قَرِيبٖ

Сен алардын (тозокту көргөндө катуу) коркуп, бирок, качып кете албай, (тозокко) жакын жерден кармалганын бир көрсөң эле! info
التفاسير:

external-link copy
52 : 34

وَقَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِهِۦ وَأَنَّىٰ لَهُمُ ٱلتَّنَاوُشُ مِن مَّكَانِۭ بَعِيدٖ

(Ошондо) алар: «Жалган деген нерсебизге ыйман келтирдик!» дешет. Эми аларга алыс жерден (наркы дүйнөдөн ыйманга) жетиш кайда! info
التفاسير:

external-link copy
53 : 34

وَقَدۡ كَفَرُواْ بِهِۦ مِن قَبۡلُۖ وَيَقۡذِفُونَ بِٱلۡغَيۡبِ مِن مَّكَانِۭ بَعِيدٖ

Бирок, алар мындан мурун (дүйнө жашоосунда) бул нерсеге тап-такыр каапыр болушуп, (ошол) алыс жерден кайыпты (акыретти) жалганга чыгарып коюшкан. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 34

وَحِيلَ بَيۡنَهُمۡ وَبَيۡنَ مَا يَشۡتَهُونَ كَمَا فُعِلَ بِأَشۡيَاعِهِم مِّن قَبۡلُۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ فِي شَكّٖ مُّرِيبِۭ

Эми алар менен эңсеген нерселеринин (дүйнөгө кайтууларынын) арасы тосулуп коюлду. Мындан мурун дагы аларга окшогондорго дал ушундай кылынган. Алар (акырет жөнүндө) аябай чоң шектенүүдө болушкан! info
التفاسير: