[1] Куран жолу эң адилеттүү, эң жогорку даражалуу жол. Ким Куран жолун тутуп, анын ишенимдерин кабыл алып, буйруктарын аткарып, адеп-ахлагын өзүнө сиңире алса, адамдардын эң кемелдүүсү, эң жакшысы жана абзели болот.
[1] Көбүнчө инсан жакшы тилектер кылат. Бирок, ачуусу келгенде каргап, шилеп, жаман дубалар кантип оозунан чыкканын билбей калат. Бирок, Боорукер, Даанышман Аллах жакшы дубаларга жооп берип, жамандарын кабыл албайт.
[1] Бул Аллахтын адилеттүүлүгү. Ошондуктан Аллах Ислам дааваты жетип барбаган, же башка бир себеп менен Акыйкатты укпай калган кишилерди жана каапырлардын бөбөктөрүн азапка салбайт.
[1] Аллах тааланын кумарга берилген адамдарга берген буйругу шарияттык буйрук эмес, алардын тагдырына (мандайына) жазылган буйрук.