[1] Бул аятта Аллах таала Өзүн бизге «Ааламдардын Раббиси» деп тааныштырып жатат. Арабдардын «Рабб» деген сөзүн кыргызчага которгондо «Башкаруучу», «Ээ», «Кожоюн» жана «Тарбия кылуучу» деген маанилерди билдирет.
[1] Аллах таала «Фатиха» сүрөсүнүн ушул аятынан баштап, сүрөнүн акырына чейин момун мусулмандардын атынан сүйлөйт. Мусулман адамдар күнүмдүк беш убак намаздарында «Фатиха» сүрөсүн 32 жолу кайталап окушат. Демек, алар Аллахка күнүнө 32 ирет «Жалгыз Сага гана сыйынабыз, Сенден гана жардам сурайбыз» деп ант беришет.
[1] Ал адамдар бул дүйнө жашоосунда адашпай, Аллахка жаман көрүлбөй жашаган пайгамбарлар, шейиттер жана пайгамбарлар алып келген жолго түз-туура ээрчиген салих (таза) момундар.
[2] Аллахтын каарына учурагандар - жөөттөр, ал эми, адашкан коомдор - христиандар. Алар “Иса - Кудай жана Кудайдын уулу” деген ишенимдеринен улам адашкан болсо, яхудилер Муса алып келген Чындык менен таанышып, аны кабыл алгандан соң, билип туруп Аллахка башка нерсени (Алтын музоону) шерик кылгандары жана көп пайгамбарларды өлтүрүшкөндүктөн улам Аллахтын каарына жолуккан.