Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans

Гаaшия

Die Ziele der Surah:
التذكير بالآخرة وما فيها من الثواب والعقاب، والنظر في براهين قدرة الله.
Акырет жана андагы сооп, жаза жана Аллахтын кудуретинин эскертүү. info

external-link copy
1 : 88

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلۡغَٰشِيَةِ

Оо, пайгамбар! Сага адамдарды өз коркунучу менен ороп алган кыямат тууралуу кабар келдиби? info
التفاسير:

external-link copy
2 : 88

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ خَٰشِعَةٌ

Кыямат күнү адамдар же бактысыз, же бактылуу болушат. Бактысыздардын жүздөрү жер карап, кордукта болот. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 88

عَامِلَةٞ نَّاصِبَةٞ

Алар чынжырлар менен сүйрөлүп, кишендер салынып, чарчаган жана жүдөгөн абалда болот. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 88

تَصۡلَىٰ نَارًا حَامِيَةٗ

Ал жүздөр ысыктыгынан азап тарткан алоолонгон отко киришет. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 88

تُسۡقَىٰ مِنۡ عَيۡنٍ ءَانِيَةٖ

Аларга өтө ысык булактан суу ичирилет. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 88

لَّيۡسَ لَهُمۡ طَعَامٌ إِلَّا مِن ضَرِيعٖ

Алар үчүн азык катары кургаганда уулуу болуп калган шибрик аттуу өсүмдүктөн да жийиркеничтүү жана сасык тамак-аш гана болот. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 88

لَّا يُسۡمِنُ وَلَا يُغۡنِي مِن جُوعٖ

Ал жеген адамды семиртпейт, курсагын да тойгузбайт. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 88

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ نَّاعِمَةٞ

Ал күнү бактылуулар туш болгон жакшылыктар үчүн алардын жүздөрү жакшылыкта, шаттыкта жана кубанычта болот. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 88

لِّسَعۡيِهَا رَاضِيَةٞ

Алар дүйнөдөгү кылган жакшылык иштерине ыраазы болуп, иш-аракеттеринин сообун эселеп сакталган абалда табышат. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 88

فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٖ

Бийиш даражалуу жана орундуу бейиште болушат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 88

لَّا تَسۡمَعُ فِيهَا لَٰغِيَةٗ

Бейиште арам сөз мында турсун, жалган жана пайдасыз сөздөрдү да угушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 88

فِيهَا عَيۡنٞ جَارِيَةٞ

Бул бейиште аккан булактар бар. Алар аны каалагандай чыгарып, каалагандай агыза алышат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 88

فِيهَا سُرُرٞ مَّرۡفُوعَةٞ

Ал жакта бейик сөрүлөр бар. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 88

وَأَكۡوَابٞ مَّوۡضُوعَةٞ

Ичүүгө даярдап коюлган чөйчөктөр бар. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 88

وَنَمَارِقُ مَصۡفُوفَةٞ

Ошондой эле ал жакта кыдырата тизилген жаздыктар бар. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 88

وَزَرَابِيُّ مَبۡثُوثَةٌ

Жана ар кайсы жерде төшөлгөн килемдер бар. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 88

أَفَلَا يَنظُرُونَ إِلَى ٱلۡإِبِلِ كَيۡفَ خُلِقَتۡ

Алар Аллах төөнү кантип жаратканын жана аны адам баласына баш ийдирип койгонун ой жүгүртүп көрүшпөйбү? info
التفاسير:

external-link copy
18 : 88

وَإِلَى ٱلسَّمَآءِ كَيۡفَ رُفِعَتۡ

Алар асманга карашпайбы, Ал аны аларга кулап түшпөй тургандай, алардын үстүнөн коргоочу шып кылып кантип көтөрүп койду? info
التفاسير:

external-link copy
19 : 88

وَإِلَى ٱلۡجِبَالِ كَيۡفَ نُصِبَتۡ

Алар тоолорго карашпайбы, Ал аны адамдарды силкибеш үчүн кантип жерге бекем кылып орнотуп койду? info
التفاسير:

external-link copy
20 : 88

وَإِلَى ٱلۡأَرۡضِ كَيۡفَ سُطِحَتۡ

Алар жерге карашпайбы, Ал аны адамдардын турукташуусуна ыңгайлуу болуш үчүн кантип жайык кылып койду? info
التفاسير:

external-link copy
21 : 88

فَذَكِّرۡ إِنَّمَآ أَنتَ مُذَكِّرٞ

Оо, пайгамбар! Аларга эскерт жана аларды Аллахтын азабынан коркут. Чындыгында сен эскертүүчүсүң. Сенден аларга эскертүү гана талап кылынат. Ал эми аларга ыйманга келүүгө ийгилик берүү, Аллахтын гана колунда. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 88

لَّسۡتَ عَلَيۡهِم بِمُصَيۡطِرٍ

Сен аларды ыйманга мажбур кылгыдай алардын үстүнөн бийлик кыла албайсың. info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• أهمية تطهير النفس من الخبائث الظاهرة والباطنة.
Жан дүйнөнү ички жана сырткы жамандыктардан тазалоонун маанилүүлүгү. info

• الاستدلال بالمخلوقات على وجود الخالق وعظمته.
Жаратуучунун бар экенине жана Анын улуктугуна макулуктарды далил кылуу. info

• مهمة الداعية الدعوة، لا حمل الناس على الهداية؛ لأن الهداية بيد الله.
Даават кылуучунун милдети – адамдарды туура жолго салуу эмес, аларга даават кылуу. Анткени туура жолго салуу Аллахтын колунда. info

external-link copy
23 : 88

إِلَّا مَن تَوَلَّىٰ وَكَفَرَ

Бирок алардан ким ыймандан жүз бурса, Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылса, info
التفاسير:

external-link copy
24 : 88

فَيُعَذِّبُهُ ٱللَّهُ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَكۡبَرَ

Аллах аны кыямат күнү түбөлүк тозокко киргизүү менен чоң азап менен азаптайт. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 88

إِنَّ إِلَيۡنَآ إِيَابَهُمۡ

Чындыгында алар өлгөндөн кийин Бизге гана кайтышат. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 88

ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا حِسَابَهُم

Андан соң алардын иш-аракеттеринин сурагын алуу Биздин мойнубузда, ал сенин жана сенден башкалардын мойнунда эмес. info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• فضل عشر ذي الحجة على أيام السنة.
Жылдын башка күндөрүнө караганда зуль-хижжа айынын он күнүнүн артыкчылыгы. info

• ثبوت المجيء لله تعالى يوم القيامة وفق ما يليق به؛ من غير تشبيه ولا تمثيل ولا تعطيل.
Аллах тааланын кыямат күнү келүүсүн эч нерсеге окшоштурбастан, мисал келтирбестен жана жокко чыгарбастан Өзүнө ылайыктуу деңгээлде тастыктоо. info

• المؤمن إذا ابتلي صبر وإن أعطي شكر.
Ыймандуу адам сыноого кабылса сабыр кылат, жакшылык берилсе шүгүр кылат. info