Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans

Nummer der Seite:close

external-link copy
20 : 47

وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَوۡلَا نُزِّلَتۡ سُورَةٞۖ فَإِذَآ أُنزِلَتۡ سُورَةٞ مُّحۡكَمَةٞ وَذُكِرَ فِيهَا ٱلۡقِتَالُ رَأَيۡتَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ نَظَرَ ٱلۡمَغۡشِيِّ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡمَوۡتِۖ فَأَوۡلَىٰ لَهُمۡ

Ыйман келтиргендер Аллах Өз элчисине согушууну камтыган сүрөөнү түшүрсө экен деп үмүт кылып: «Аллах согушуу тууралуу айткан сүрөө түшүрсө болот эле!» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Качан Аллах согушуу тууралуу сөздү камтыган, баяндоосу жана өкүмдөрү анык сүрөөнү түшүргөндө жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр катуу коркунучтан улам өздөрүн жоготуп сени тиктеп туруп калышканын көрөсүң. Аллах аларга согушуудан кетекчиктеп, андан коркушканы үчүн аларга жакын калган азапты эскертти. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 47

طَاعَةٞ وَقَوۡلٞ مَّعۡرُوفٞۚ فَإِذَا عَزَمَ ٱلۡأَمۡرُ فَلَوۡ صَدَقُواْ ٱللَّهَ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۡ

Ошондой эле Аллахтын буйругуна баш ийүүсү жана жамандыкты камтыбаган жакшы сөздөрдү сүйлөөсү алар үчүн жакшыраак. Согуш парз кылынып, иш олуттуу болгон кезде алар Аллахка ыйман келтирүүдө жана Ага моюн сунууда чынчыл болушса, анда бул алар үчүн эки жүздүүлүктөн жана Аллахтын буйруктарына баш ийбестик кылуудан жакшыраак болмок. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 47

فَهَلۡ عَسَيۡتُمۡ إِن تَوَلَّيۡتُمۡ أَن تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَتُقَطِّعُوٓاْ أَرۡحَامَكُمۡ

Абалыңарга карай турган болсок, силер Аллахка ыйман келтирүүдөн жана Ага баш ийүүдөн баш тартсаңар, анда караңгы доордогу абалыңар сыяктуу жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылып, туугандык мамилелерди үзүп жиберишиңер мүмкүн. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 47

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فَأَصَمَّهُمۡ وَأَعۡمَىٰٓ أَبۡصَٰرَهُمۡ

Жер бетинде бузукулукту жайган жана туугандык мамилени үзгөн сыяктуу сыпаттагы адамдарды Аллах Өз ырайымынан алыстатты, кулактарын акыйкатты кабыл алып угуудан дүлөй кылды жана көздөрүн үлгү алып кароодон сокур кылды. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 47

أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ ٱلۡقُرۡءَانَ أَمۡ عَلَىٰ قُلُوبٍ أَقۡفَالُهَآ

Мына ошол жүз бургандар Куран жөнүндө ойлонушпайбы жана андагы айтылгандарга ой жүгүртүшпөйбү? Эгерде ал тууралуу ой жүгүртүшкөндө, ал аларды жакшылыкка багыттамак жана бардык жамандыктардан алыстатмак. Же алардын жүрөктөрүндө насаатты жеткирбеген, эскертмеден пайда бербеген бекем жабуучу кулпулар барбы? info
التفاسير:

external-link copy
25 : 47

إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱرۡتَدُّواْ عَلَىٰٓ أَدۡبَٰرِهِم مِّنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ ٱلۡهُدَى ٱلشَّيۡطَٰنُ سَوَّلَ لَهُمۡ وَأَمۡلَىٰ لَهُمۡ

Аларга далил келип, пайгамбардын чынчылдыгы анык болгондон кийин ыймандан баш тартып, каапырлык менен эки жүздүүлүккө кайткандарга шайтан алардын каапырлыгы менен эки жүздүүлүгүн кооз кылып көргөзүп койду, аны аларга жеңил кылды жана аларды куру кыялдар менен үмүттөндүрүп койду. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 47

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَالُواْ لِلَّذِينَ كَرِهُواْ مَا نَزَّلَ ٱللَّهُ سَنُطِيعُكُمۡ فِي بَعۡضِ ٱلۡأَمۡرِۖ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ إِسۡرَارَهُمۡ

Бул адашуунун себеби, алар пайгамбарга түшкөн аян-кабарды жаман көргөн мушриктерге жашыруун сыр кылып: «Биз согушуудан баш тартуу сыяктуу кээ бир иштерде силер менен биргебиз» – дешти. Аллах алардын жаап-жашырган сырларын билет. Ага эч нерсе жашыруун эмес. Ал ал сырлардан Өзү каалаганын пайгамбарына билдирет. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 47

فَكَيۡفَ إِذَا تَوَفَّتۡهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَضۡرِبُونَ وُجُوهَهُمۡ وَأَدۡبَٰرَهُمۡ

Жан алууга милдеттүү болгон периштелер алардын жандарын алып, аларды жүздөрүнө жана аркаларына темир союл менен уруп жаткандагы алардын азабы жана оор абалы кандай болот деп ойлойсуң? info
التفاسير:

external-link copy
28 : 47

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱتَّبَعُواْ مَآ أَسۡخَطَ ٱللَّهَ وَكَرِهُواْ رِضۡوَٰنَهُۥ فَأَحۡبَطَ أَعۡمَٰلَهُمۡ

Бул азаптын себеби, алар Аллахтын ачуусун келтирген каапырлык, эки жүздүүлүк, Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгуу сыяктуу бардык нерселерди ээрчишти жана алар Аллахка ыйман келтирүү, Анын элчисин ээрчүү сыяктуу Раббисинин ыраазылыгына жеткирип, Ага жакындаткан нерселерди жаман көрүштү. Мына ошондуктан Аллах алардын иштерин жокко чыгарды. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 47

أَمۡ حَسِبَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ أَن لَّن يُخۡرِجَ ٱللَّهُ أَضۡغَٰنَهُمۡ

Жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр, Аллах алардын жек көрүүлөрүн ачыкка чыгарбайт деп ойлоштубу? Ыйман келтирүүдө чынчылды жалганчыдан айырмалаш үчүн, ыймандууну ачыктап, эки жүздүүнүн жүзүн ачыш үчүн Ал аларды сыноолор аркылуу сөзсүз ачыкка чыгарат. info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• التكليف بالجهاد في سبيل الله يميّز المنافقين من صفّ المؤمنين.
Аллах жолунда согушуунун милдет болуусу ыймандуулардын катарынан эки жүздүүлөрдү айырмалап көргөзөт. info

• أهمية تدبر كتاب الله، وخطر الإعراض عنه.
Аллахтын Китеби тууралуу ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгү жана андан жүз буруунун коркунучу. info

• الإفساد في الأرض وقطع الأرحام من أسباب قلة التوفيق والبعد عن رحمة الله.
Жер бетинде бузукулукту жаюу жана туугандык мамилелерди үзүү – ийгиликтин аздыгынын жана Аллахтын ырайымынан алыс болуунун себептеринен. info