Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans

Nummer der Seite:close

external-link copy
92 : 3

لَن تَنَالُواْ ٱلۡبِرَّ حَتَّىٰ تُنفِقُواْ مِمَّا تُحِبُّونَۚ وَمَا تُنفِقُواْ مِن شَيۡءٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِهِۦ عَلِيمٞ

Оо, ыймандуулар! Өзүңөр жакшы көргөн мал-мүлкүңөрдөн Аллах жолуна сарптамайынча жакшылык ээлеринин соопторуна жана даражасына жете албайсыңар. Сарптаган нерсеңер аз болобу, же көп болобу, Аллах ниетиңерди жана иш-аракетиңерди Билүүчү жана ар бирине иш-аракетине жараша сыйлыгын берет. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 3

۞ كُلُّ ٱلطَّعَامِ كَانَ حِلّٗا لِّبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ إِلَّا مَا حَرَّمَ إِسۡرَٰٓءِيلُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦ مِن قَبۡلِ أَن تُنَزَّلَ ٱلتَّوۡرَىٰةُۚ قُلۡ فَأۡتُواْ بِٱلتَّوۡرَىٰةِ فَٱتۡلُوهَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Исраил урпактарына таза тамактын баары эле адал болчу. Болгону Тоорот түшө элегинде Якуб пайгамбар кээ бир тамактан өзүн тыйып жечү эмес. бул Яхудилер айткандай Тооротто арам кылынган эмес. Оо, пайгамбар, сен аларга: эгер айтып жатканыңарчын болсо, Тооротту алып келип окуп көргүлөчү, - деп айт. Алао оозунан сөзү учуп аны алып келе алышпайт. Бул Яхудилердин Тооротко жалаа жаап, анын мазмунун өзгөртүп жибергенине далил боло турган бир мисал info
التفاسير:

external-link copy
94 : 3

فَمَنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Якуб пайгамбар тыйылган азыктар Аллахтын тыюусу эмес, жеке өзүнүн каалоосу менен тыйылуу деген ачык далил келгенден кийин деле Аллахка бул нерсени жүктөп доомат кыла бергендер; алар далили ачык болгондон кийин да чындыкты таштап жандарына залым кылгандар info
التفاسير:

external-link copy
95 : 3

قُلۡ صَدَقَ ٱللَّهُۗ فَٱتَّبِعُواْ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

Оо, пайгамбар, аларга айт: Аллах Таала Якуб пайгамбар тууралуу туура кабар айтты, ошондой эле Анын ар бир түшүргөнү жана шарият кылганы чындык. Ибрахимдин динине ээрчигиле, Исламдан башка бардык динден жуз бурган, Аллахка башка нерсени эч шерик кылган эмес info
التفاسير:

external-link copy
96 : 3

إِنَّ أَوَّلَ بَيۡتٖ وُضِعَ لِلنَّاسِ لَلَّذِي بِبَكَّةَ مُبَارَكٗا وَهُدٗى لِّلۡعَٰلَمِينَ

Чынында адамдар Аллахка ибадат кылуусу үчүн курулган жердеги үй - бул, Меккедеги Аллахтын үйү Харам мечити. Ал өтө ыйык үй, дүйнө жана диний пайдалары көп, анда бүтүндөй ааламга туура жол бар info
التفاسير:

external-link copy
97 : 3

فِيهِ ءَايَٰتُۢ بَيِّنَٰتٞ مَّقَامُ إِبۡرَٰهِيمَۖ وَمَن دَخَلَهُۥ كَانَ ءَامِنٗاۗ وَلِلَّهِ عَلَى ٱلنَّاسِ حِجُّ ٱلۡبَيۡتِ مَنِ ٱسۡتَطَاعَ إِلَيۡهِ سَبِيلٗاۚ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Бул үйдө анын шарапаттуулугуна жана өзгөчөлүгүнө ачык белгилери бар, иадат кылына турган орундары сыяктуу, мисалы, дубалын тургузууда Ибрахим пайгамбар бутунун алдына койгон таш. Дагы бири, ага кирген адамдын жүрөгү тынчып коркуусу жоголот жана ага эч зыян боолбойт. Адамдарга Аллах үчүн бул үйдү максат кылып келип ажы амалдарын аткаруу милдети жүктөлдү. Бул милдет, ага келүүгө мүмкүнчүлүгү жеткен адамга гана тиешелүү. Ал эми ким ажы амалы парз экенине каапыр болсо, Аллах ага муктаж эмес, деги эле Аллах Таала ааламда эч нерсеге муктаж эмес info
التفاسير:

external-link copy
98 : 3

قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لِمَ تَكۡفُرُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَٱللَّهُ شَهِيدٌ عَلَىٰ مَا تَعۡمَلُونَ

Оо, пайгамбар, аларга айт: эй, яхудилер менен христиандар, эмнеге менин пайгамбарлыгым тууралуу ачык далилдер келип жатса деле аны тана бересиңер, мындай далилдердин кээси Тоорот менен Инжилде да келбеди беле?! Аллах Таала бул кылганыңарды карап, ага күбө болуп турат, кийин ошого жараша жазаланасыңар info
التفاسير:

external-link copy
99 : 3

قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لِمَ تَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ مَنۡ ءَامَنَ تَبۡغُونَهَا عِوَجٗا وَأَنتُمۡ شُهَدَآءُۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ

Оо, пайгамбар, аларга минтип айт: Эй, яхудилер жана христиандар, Аллах ишенген адамдарды эмне үчүн Анын дининен тыясыңар, Аллахтын динин чындыктан жалганга өзгөртүүгө аракет кыласыңар диндегилерди туура жолдон адашууга үгүттөйсүңөр. А өзүңөр бул дин чыныгы дин экенине, силердин китебиңерди тастыктап келгенине күбө болуп турасыңар?! Аллах Таала силер Ага каапырлык кылып, Анын жолунан тосуп жатканыңардан бейкапар эмес, кийин ушуга жараша жазаланасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
100 : 3

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن تُطِيعُواْ فَرِيقٗا مِّنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ يَرُدُّوكُم بَعۡدَ إِيمَٰنِكُمۡ كَٰفِرِينَ

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, эгер яхуди же христиандардын кээ бир тайпалары айтып жаткан сөзгө кирсеңер жана алардын оюна ээрчисеңер, ыйманыңардан кийин кайра каапырлыкка ээрчитип кетет, анткени аларда силерди көралбастыгы жана туура жолдон адашуу бар info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• كَذِبُ اليهود على الله تعالى وأنبيائه، ومن كذبهم زعمهم أن تحريم يعقوب عليه السلام لبعض الأطعمة نزلت به التوراة.
Яхудилер Аллах Таалага да Анын пайгамбарларына да жалган айтышат. Ошол жалгандарынын бири, Якуб пайгамбардын кээ бир тамакты арам кылуусу Тооротто түшкөн деп айтышканы info

• أعظم أماكن العبادة وأشرفها البيت الحرام، فهو أول بيت وضع لعبادة الله، وفيه من الخصائص ما ليس في سواه.
Ибадат кылына турган орундардын эң ыйыгы жана шарапаттуусу Харам мечити, ал Аллахка ибадат кылынуу үчүн эң биринчи курулган жай, башка эч жерде болбогон, анын өзүнө гана тиешелүү артыкчылыктары бар info

• ذَكَرَ الله وجوب الحج بأوكد ألفاظ الوجوب تأكيدًا لوجوبه.
Аллах Таала ажы амалынын зарылдыгын билдирип анын милдеттүүлүгүн өзгөчө басым менен айтты info