Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans

Хаж

Die Ziele der Surah:
تعظيم الله سبحانه وتعالى وشعائره والتسليم لأمره.
Аллах Тааланы жана Анын шариятын улуктоо жана Анын буйруктарына баш ийүү (тууралуу айтылган). info

external-link copy
1 : 22

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡۚ إِنَّ زَلۡزَلَةَ ٱلسَّاعَةِ شَيۡءٌ عَظِيمٞ

Эй, адамдар! Раббиңердин буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула! Чындыгында кыямат менен коштоло турган жер титирөөлөр жана башка коркунучтар – улуу нерсе. Ага Аллах ыраазы болгон иштерди кылып даярдык көрүү милдет. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 22

يَوۡمَ تَرَوۡنَهَا تَذۡهَلُ كُلُّ مُرۡضِعَةٍ عَمَّآ أَرۡضَعَتۡ وَتَضَعُ كُلُّ ذَاتِ حَمۡلٍ حَمۡلَهَا وَتَرَى ٱلنَّاسَ سُكَٰرَىٰ وَمَا هُم بِسُكَٰرَىٰ وَلَٰكِنَّ عَذَابَ ٱللَّهِ شَدِيدٞ

Ал күндө силер катуу коркунучтан улам бала эмгизген аял баласын унутуп калганын, кош бойлуу аял боюндагысын түшүрүп салганын көрөсүңөр. Ал жердеги катуу коркунучтан адамдарды акылынан адашкан мас адамдардай абалда көрөсүң. Алар арак ичип мас болушкан жок. Бирок Аллахтын азабынын катаалдыгы аларды акылдарынан адаштырып койду. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 22

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَٰدِلُ فِي ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَيَتَّبِعُ كُلَّ شَيۡطَٰنٖ مَّرِيدٖ

Адамдардын арасында өлүктөрдү кайра тирилтүүгө болгон Аллахтын кудуреттүүлүгү туурасында таянар илими жок туруп талашкандар бар. Алар өз ишениминде жана сөздөрүндө Раббисине баш ийбеген шайтандарды жана адаштырган башчыларды ээрчишет. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 22

كُتِبَ عَلَيۡهِ أَنَّهُۥ مَن تَوَلَّاهُ فَأَنَّهُۥ يُضِلُّهُۥ وَيَهۡدِيهِ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلسَّعِيرِ

Ал баш ийбеген адам менен шайтандын тагдырына «Ким аларды ээрчисе жана аларга ишенсе, анда алар аны акыйкат жолдон адаштырат, ошондой эле каапырлык жана күнөө кылдырып тозок азабына алып барат» деп жазылган. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 22

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمۡ فِي رَيۡبٖ مِّنَ ٱلۡبَعۡثِ فَإِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ مِن مُّضۡغَةٖ مُّخَلَّقَةٖ وَغَيۡرِ مُخَلَّقَةٖ لِّنُبَيِّنَ لَكُمۡۚ وَنُقِرُّ فِي ٱلۡأَرۡحَامِ مَا نَشَآءُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ نُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡۖ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡلَا يَعۡلَمَ مِنۢ بَعۡدِ عِلۡمٖ شَيۡـٔٗاۚ وَتَرَى ٱلۡأَرۡضَ هَامِدَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡ وَأَنۢبَتَتۡ مِن كُلِّ زَوۡجِۭ بَهِيجٖ

Оо, адамдар! Өлүмдөн кийин силерди кайра тирилтүүгө болгон кудуреттүүлүгүбүз тууралуу шектенип жатсаңар, анда өзүңөрдүн жаралганыңарга ой жүгүртүп көргүлөчү. Биз түпкү атаңар Адамды топурактан жараттык. Андан соң анын урпактарын аялдын жатынына атылып куюлган эркектин бел суусунан жараттык. Кийин ал коюу канга айланды, кийин тиштелген этке окшош бир тиштем этке айланды, кийин бир кесим этке айланды, анан толук кандуу түйүлдүк болуп анан тирүү ымыркай болуп төрөлгүчө жатында болду, же толук кандуу түйүлдүк болбой жатындан түшүп калды. Биз муну силерди түрдүү баскычтарда жаратууга кудуреттүү экенибизди баяндоо үчүн кылдык. Жана Биз Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгилүү бир убакка чейин жатында кармайбыз. Ал тогуз ай. Кийин силерди энеңердин курсагынан ымыркай кылып чыгарабыз. Кийин силер толук акылга жана күч-кубатка жетесиңер. Кээ бирөөлөрүңөр ага жетпей кайтыш болот, кээ бирөөлөрүңөр күч-кубаттан жана акылдан алсыраган карылык куракка чейин жетесиңер. Ал кезде силердин абалыңар жаш наристенин абалынан да начар болот. Ага чейин билгенин да билбей калат. Ошондой эле сен жерди өсүмдүк өспөгөн кургак абалда көрөсүң. Эгерде Биз ага жамгыр суусун жаадырсак, өсүмдүктөр өнүп ал ачылат, алардын өнүшү менен ал көөп көтөрүлөт, анан кооз көрүнүштөгү өсүмдүктөрдүн түрлөрүн чыгарат. info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• وجوب الاستعداد ليوم القيامة بزاد التقوى.
Такыбалык азыгы менен кыямат күнүнө даярдык көрүүнүн милдеттиги. info

• شدة أهوال القيامة حيث تنسى المرضعة طفلها وتسقط الحامل حملها وتذهب عقول الناس.
Кыямат коркунучтарынын катуулугу. Ал күндө эмгизген аял баласын унутуп калат, кош бойлуу аялдын боюнан түшүп калат жана адамдар акылын жоготуп коюшат. info

• التدرج في الخلق سُنَّة إلهية.
Акырындык менен баскыч-баскычтардан өтүү менен жаратуу – Аллахтын карманган жолу. info

• دلالة الخلق الأول على إمكان البعث.
Абалкы жаратуу – кийин кайра жаратууга болгон кудуреттүүлүккө далил болот. info

• ظاهرة المطر وما يتبعها من إنبات الأرض دليل ملموس على بعث الأموات.
Жамгырдын жаашы жана анын артынан эле жер бетинде өсүмдүктөрдүн өнүп чыгышы өлүктөрдү кайра тирилтүүгө карата негиздүү далил болот. info