Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans

Nummer der Seite:close

external-link copy
135 : 2

وَقَالُواْ كُونُواْ هُودًا أَوۡ نَصَٰرَىٰ تَهۡتَدُواْۗ قُلۡ بَلۡ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِـۧمَ حَنِيفٗاۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

Жөөттөр бул үммөткө: «Жөөт болсоңор туура жолду табасыңар» – дешти, ал эми христиандар: «Христиан болсоңор туура жолду табасыңар» – дешти. Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып айт: «Биз жалган диндерден акыйкат динге ыктаган Ибрахимдин динин ээрчийбиз. Ал Аллахка шерик кошкондордон эмес болчу». info
التفاسير:

external-link copy
136 : 2

قُولُوٓاْ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡنَا وَمَآ أُنزِلَ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَمَآ أُوتِيَ ٱلنَّبِيُّونَ مِن رَّبِّهِمۡ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ

Оо, ыймандуулар! Бул жалган дооматты айткан жөөттөр менен христиандарга айткын: «Биз Аллахка жана бизге түшкөн Куранга ыйман келтирдик, Ибрахимге жана анын уулдары Исмаил, Исхак, Якубга түшкөн нерсеге ыйман келтирдик, Якубдун урпагынан чыккан пайгамбарларга түшкөн нерсеге ыйман келтирдик, Аллах Мусага берген китепке жана Исага берген китепке ыйман келтирдик, Аллах бардык пайгамбарларга берген китептерге ыйман келтирдик. Биз алардын кээ бирине ыйман келтирип, кээ бирине каапырлык кылып, алардын эч бирин бөлбөйбүз. Тескерисинче, алардын баарына ыйман келтиребиз. Биз Аллахтын жалгыз Өзүнө моюн сунабыз жана багынабыз. info
التفاسير:

external-link copy
137 : 2

فَإِنۡ ءَامَنُواْ بِمِثۡلِ مَآ ءَامَنتُم بِهِۦ فَقَدِ ٱهۡتَدَواْۖ وَّإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّمَا هُمۡ فِي شِقَاقٖۖ فَسَيَكۡفِيكَهُمُ ٱللَّهُۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ

Эгерде жөөттөр, христиандар жана башка каапырлар силер сыяктуу ыйман келтиришсе, алар Аллах ыраазы болгон туура жолго түшүшмөк. А эгер пайгамбарлардын баарын же кээ кээ бирин жалганга чыгарып, ыймандан жүз бурушса, алар келишпестикте жана душмандыкта болушат. Оо, пайгамбар, капаланба! Чындыгында Аллах алардын зыянынан сени коргоого жетиштүү, Ал сени алардын жамандыгынан коргойт жана аларга каршы сага жардам берет. Ал алардын сөздөрүн Угуучу, ниеттерин жана иш-аракеттерин Билүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
138 : 2

صِبۡغَةَ ٱللَّهِ وَمَنۡ أَحۡسَنُ مِنَ ٱللَّهِ صِبۡغَةٗۖ وَنَحۡنُ لَهُۥ عَٰبِدُونَ

Аллах табиятыңарга ылайык жараткан Анын динин ичиңерден да, сыртыңардан да кармангыла. Аллахтын дининен өткөн жакшы дин жок. Ал адамдын табиятына төп келет, пайдалууга жеткирет жана зыяндан сактайт. Жана силер: «Биз жалгыз Аллахка гана сыйынабыз, Ага эч кимди шерик кылбайбыз» – деп айткыла. info
التفاسير:

external-link copy
139 : 2

قُلۡ أَتُحَآجُّونَنَا فِي ٱللَّهِ وَهُوَ رَبُّنَا وَرَبُّكُمۡ وَلَنَآ أَعۡمَٰلُنَا وَلَكُمۡ أَعۡمَٰلُكُمۡ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُخۡلِصُونَ

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эй, китеп ээлери! Силердин диниңер байыркы жана китебиңер мурун түшкөндүктөн, өзүңөрдү Аллахка жана Анын динине бизден дагы татыктуубуз деп талашып жатасыңарбы? Чындыгында бул силерге эч кандай пайда алып келбейт. Анткени Аллах – баарыбыздын Раббибиз, Аны өзүңөргө жекелеп албагыла. Биздин иш-аракеттерибиз өзүбүзгө, силер ал үчүн суралбайсыңар, силердин да иш-аракеттериңер өзүңөргө, биз ал үчүн суралбайбыз. Ар бири кылган иш-аракетинин сыйлыгын же жазасын алат. Биз ибадатта жана баш ийүүдө Аллахка ыкластуулук кылып, Ага эч нерсени шерик кылбайбыз». info
التفاسير:

external-link copy
140 : 2

أَمۡ تَقُولُونَ إِنَّ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطَ كَانُواْ هُودًا أَوۡ نَصَٰرَىٰۗ قُلۡ ءَأَنتُمۡ أَعۡلَمُ أَمِ ٱللَّهُۗ وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن كَتَمَ شَهَٰدَةً عِندَهُۥ مِنَ ٱللَّهِۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ

Эй, китеп ээлери! Же силер: «Ибрахим, Исмаил, Исхак, Якуб жана анын урпактарынан чыккан пайгамбарлар иудаизм же христиан дининде болгон» – дейсиңерби? Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып: «Силер билесиңерди жа Аллах билеби?» – айт. Эгерде алар ошолордун дининде болгонбуз дешсе, анда жалган айтышты. Анткени алардын жиберилүүсү жана өлүмү Тоорат менен Инжил түшүрүлгөнгө чейин болгон. Ушундан улам алардын айткандары Аллахка жана Анын элчилерине карата жалган жалаа экени жана аларга түшүрүлгөн акыйкатты жашырып жатышканы белгилүү болот. Китеп ээлери кылган сыяктуу Аллахтан келген анык күбөлүктү билип туруп жашырган адамдан өткөн залым жок. Аллах алардын иш-аракеттеринен бейкапар эмес. Жакында аларга анын жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
141 : 2

تِلۡكَ أُمَّةٞ قَدۡ خَلَتۡۖ لَهَا مَا كَسَبَتۡ وَلَكُم مَّا كَسَبۡتُمۡۖ وَلَا تُسۡـَٔلُونَ عَمَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Булар силерден мурун өткөн үммөттөр. Алар өздөрү кылган иш-аракеттерине жетишти, алардын кылгандары өзүлөрү үчүн, ал эми силердин кылганыңар өзүңөр үчүн. Силер алардын иш-аракеттери үчүн жооп бербейсиңер, алар дагы силердин иш-аракеттериңер үчүн жооп беришпейт. Эч ким башканын күнөөсү үчүн жазаланбайт жана ал башкалардын иш-аракетинен пайда көрбөйт. Тескерисинче, ар бир адам кылганына жараша сыйлыгын же жазасын алат. info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• أن دعوى أهل الكتاب أنهم على الحق لا تنفعهم وهم يكفرون بما أنزل الله على نبيه محمد صلى الله عليه وسلم.
Китеп ээлери өздөрүн акыйкаттабыз деп айтуусу аларга пайда келтирбейт жана алар Аллах пайгамбары Мухаммадга түшүргөн нерсеге каапырлык кылышат. info

• سُمِّي الدين صبغة لظهور أعماله وسَمْته على المسلم كما يظهر أثر الصبغ في الثوب.
Диндин «боёк (сибга)» деп аталышынын себеби – кийимдеги боёктун тагы көрүнүп турган сыяктуу мусулмандын да иш-аракеттери жана асыл белгилери ачык көрүнүп турат. info

• أن الله تعالى قد رَكَزَ في فطرةِ خلقه جميعًا الإقرارَ بربوبيته وألوهيته، وإنما يضلهم عنها الشيطان وأعوانه.
Аллах таала Өзүнүн жалгыз жаратуучулугун (рубубият) жана жалгыз Өзү сыйынууга татыктуулугун (улухият) моюнга алууну бүткүл макулуктардын табиятына салып койгон. Аларды андан шайтан жана анын жан-жөкөрлөрү гана адаштырат. info