Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Die kirgisische Übersetzung von Al-Mukhtasar - Eine Kurzfassung der Bedeutungen des edlen Qurans

Хумаза

Die Ziele der Surah:
التحذير من الاستهزاء بالمؤمنين اغترارًا بكثرة المال.
Байлыгына таянып ыймандууларды шылдыңдоодон эскертип, коркутуу. info

external-link copy
1 : 104

وَيۡلٞ لِّكُلِّ هُمَزَةٖ لُّمَزَةٍ

Адамдарды көп ушактагандарга жана аларды жаманатты кылгандарга кыйроо жана катаал азап болсун! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 104

ٱلَّذِي جَمَعَ مَالٗا وَعَدَّدَهُۥ

Анын бүткүл ою байлык топтоо жана аны эсептөө, анын андан башка ою жок. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 104

يَحۡسَبُ أَنَّ مَالَهُۥٓ أَخۡلَدَهُۥ

Ал чогулткан байлыгы аны өлүмдөн куткарып, дүйнө жашоосунда түбөлүк калам деп ойлойт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 104

كَلَّاۖ لَيُنۢبَذَنَّ فِي ٱلۡحُطَمَةِ

Абал бул наадан ойлогондой эмес. Аны тозок отуна ыргыткыла! Ал андагы азаптын катаалдыгынан улам ага ташталган бардык нерселерди майдалап, таш-талканын чыгарат. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 104

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحُطَمَةُ

Оо, пайгамбар! Ага ташталгандардын баарысын жок кылган бул тозок эмне экенин кайдан билмек элең? info
التفاسير:

external-link copy
6 : 104

نَارُ ٱللَّهِ ٱلۡمُوقَدَةُ

Ал — Аллахтын алоолонгон тозогу. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 104

ٱلَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى ٱلۡأَفۡـِٔدَةِ

Ал адамдардын денесинен жүрөктөрүнө тешип кирет. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 104

إِنَّهَا عَلَيۡهِم مُّؤۡصَدَةٞ

Чындыгында ал анын ичинде азапталгандар үчүн жабык. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 104

فِي عَمَدٖ مُّمَدَّدَةِۭ

Алар ал жактан чыгып кетпеш үчүн узун устундар менен бекемделген. info
التفاسير:
Die Nutzen der Versen in dieser Seite:
• خسران من لم يتصفوا بالإيمان وعمل الصالحات، والتواصي بالحق، والتواصي بالصبر.
Ыйман келтирүү, жакшылык иштерди кылуу, бири-бирине акыйкатты жана ага сабыр кылууну осуят кылуу сыяктуу сыпаттарга ээ болбогон адам жоготууга учурайт. info

• تحريم الهَمْز واللَّمْز في الناس.
Адамдарды сөз жана ишарат менен ушактоонун арамдыгы. info

• دفاع الله عن بيته الحرام، وهذا من الأمن الذي قضاه الله له.
Аллахтын Өз ыйык Үйүн коргоосу. Бул да болсо Аллахтын ага өкүм кылып койгон коопсуздугунан. info