Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Kirgisische Übersetzung - Schamsuddin Hakimov

Nummer der Seite:close

external-link copy
14 : 45

قُل لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ يَغۡفِرُواْ لِلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ أَيَّامَ ٱللَّهِ لِيَجۡزِيَ قَوۡمَۢا بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ

(Оо, Мухаммад!) Ыйман келтирген адамдарга айт, Аллахтын (Акыреттеги) күндөрүн(өн эч нерсени) үмүт кылбагандарды кечиришсин. (Аллах Таала ал) коомду өз иштерине жараша (Акыретте) жазалашы үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 45

مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ أَسَآءَ فَعَلَيۡهَاۖ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمۡ تُرۡجَعُونَ

Ким жакшы иш жасаса, өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса, өзүнө зыян. Кийин (баарыңар) Раббиңерге кайтарыласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 45

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحُكۡمَ وَٱلنُّبُوَّةَ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَفَضَّلۡنَٰهُمۡ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ

Биз аныгында Исраил урпактарына (Тоорат) китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берип, таза-адал нерселерден ырыс-насип жегизип (бардык) ааламдардан (адамдардан) абзел кылган элек.[1] info

[1] Аллах таала Исраил урпактарын сыноо үчүн тандап алып, арасынан көп пайгамбарларды чыгарып, Фараондун зулумунан куткарып, асмандан «Манн-Сулва» деген бышкан куш эттеринен турган адал-ырыскы жаадырып аябай сынаган, сыноо үчүн тандап алган.

التفاسير:

external-link copy
17 : 45

وَءَاتَيۡنَٰهُم بَيِّنَٰتٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡرِۖ فَمَا ٱخۡتَلَفُوٓاْ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقۡضِي بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ

Жана аларга анык иш (Дин-Шарият) бердик. Алар өздөрүнө келген илимден кийин гана (Дин ишинде) талашып калышты, өз-ара көралбастыктан улам. Албетте, Раббиң Кыямат күнү алардын арасында талашкан нерселерине өкүм (ажырым) чыгарат. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 45

ثُمَّ جَعَلۡنَٰكَ عَلَىٰ شَرِيعَةٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡرِ فَٱتَّبِعۡهَا وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ

Кийин Биз сени Динден болгон жолдун – Шарияттын үстүндө (жүрүүчү) кылдык. Эми ошону гана ээрчигин. Билбеген адамдардын каалоолорун ээрчибегин. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 45

إِنَّهُمۡ لَن يُغۡنُواْ عَنكَ مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـٔٗاۚ وَإِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلِيَآءُ بَعۡضٖۖ وَٱللَّهُ وَلِيُّ ٱلۡمُتَّقِينَ

(Эгер аларды ээрчисең) Аллахтын эч бир азабын сенден кайтара алышпайт. Чынында, залымдар бири – бирине дос болушат. Аллах болсо такыба кишилердин досу. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 45

هَٰذَا بَصَٰٓئِرُ لِلنَّاسِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّقَوۡمٖ يُوقِنُونَ

Бул (Куран) адамдар үчүн акылчырак, туура жол жана анык ишенген элдер үчүн ырайым! info
التفاسير:

external-link copy
21 : 45

أَمۡ حَسِبَ ٱلَّذِينَ ٱجۡتَرَحُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن نَّجۡعَلَهُمۡ كَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَوَآءٗ مَّحۡيَاهُمۡ وَمَمَاتُهُمۡۚ سَآءَ مَا يَحۡكُمُونَ

Же болбосо, күнөө иш кылган адамдар, Биз аларды ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар сыяктуу (абзел кылышыбызды жана) өздөрүнүн жашоолору менен өлүмдөрү да (алардыкы менен) бир (даражада) болушун ойлоштубу? Кандай жаман өкүм чыгарышат! info
التفاسير:

external-link copy
22 : 45

وَخَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّ وَلِتُجۡزَىٰ كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ

Аллах асмандар менен жерди Акыйкат менен жана эч бир жан(га) зулумдук кылынбаган абалда, өз ишине жараша жаза (же сыйлык) алышы үчүн жаратты. info
التفاسير: