Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Kirgisische Übersetzung - Schamsuddin Hakimov

Гафир

external-link copy
1 : 40

حمٓ

Хаа-миим.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 40

تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ

(Бул) Китептин түшүүсү, Кудуреттүү, Илимдүү , Аллах (таала) тарабынан болду! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 40

غَافِرِ ٱلذَّنۢبِ وَقَابِلِ ٱلتَّوۡبِ شَدِيدِ ٱلۡعِقَابِ ذِي ٱلطَّوۡلِۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ إِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ

(Ал) күнөөнү кечирүүчү, тообону кабыл кылуучу, азабы катуу жана ихсан-пазилеттүү. Эч бир Кудай жок, жалгыз Өзү бар! Кайтып баруу – Өзүнө! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 40

مَا يُجَٰدِلُ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَلَا يَغۡرُرۡكَ تَقَلُّبُهُمۡ فِي ٱلۡبِلَٰدِ

Аллахтын аяттарында каапыр болгондор гана талашышат.[1] (Оо, Мухаммад!) алардын шаарларды кезип жүрүшү сени азгырып койбосун![2] info

[1] Мусулмандар дароо моюн сунганга шашылат.
[2] Шаарларды кезип жүрүү үчүн күч-кубат, бийлик жана байлык керек. Эгер каапырларда ушул нерселер болсо, мунун мааниси «Аллах аларды сүйөт экен» дегенди билдирбейт. Аллах аларды сүйбөйт. Болгону аларга мөөнөт берип жатат. Качан тообо кылып келээр экен деп. Же болбосо, алар дагы да көбүрөөк күнөөгө батып, көбүрөөк азапка ылайык болуулары үчүн өмүр, байлык берүүдө. Алар өткөндөгү каапырлардын кайгылуу тагдырынан сабак алуулары керек.

التفاسير:

external-link copy
5 : 40

كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ وَٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۖ وَهَمَّتۡ كُلُّ أُمَّةِۭ بِرَسُولِهِمۡ لِيَأۡخُذُوهُۖ وَجَٰدَلُواْ بِٱلۡبَٰطِلِ لِيُدۡحِضُواْ بِهِ ٱلۡحَقَّ فَأَخَذۡتُهُمۡۖ فَكَيۡفَ كَانَ عِقَابِ

Алардан илгери Нухтун (каапыр) коому, алардан кийинки (каапыр) жамааттар дагы (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен. Ар бир эл өз пайгамбарын өлтүрүүгө ниеттенген жана жалгандары менен Акыйкатты жеңип алабыз дешип талашып-тартышышкан. Анан Биз аларды (апаат-балээ менен) «кармап койдук». Менин жазалоом кандай болгон! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 40

وَكَذَٰلِكَ حَقَّتۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّهُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ

Каапырларга Раббиңдин Сөзү (азабы) ушинтип акыйкат (жаза) болгон. Чынында алар тозок элдеринен! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 40

ٱلَّذِينَ يَحۡمِلُونَ ٱلۡعَرۡشَ وَمَنۡ حَوۡلَهُۥ يُسَبِّحُونَ بِحَمۡدِ رَبِّهِمۡ وَيُؤۡمِنُونَ بِهِۦ وَيَسۡتَغۡفِرُونَ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْۖ رَبَّنَا وَسِعۡتَ كُلَّ شَيۡءٖ رَّحۡمَةٗ وَعِلۡمٗا فَٱغۡفِرۡ لِلَّذِينَ تَابُواْ وَٱتَّبَعُواْ سَبِيلَكَ وَقِهِمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ

Аршты көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин мактап тасбих айтышат, Ага ыйман келтиришет жана ыймандуу пенделерге Аллахтан кечирим сурап (мындай дуба кылышат): «Оо, Рабби! Ар бир нерсени ырайымың жана илимиң менен камтып турасың! (Сага) тообо кылып, Сенин жолуңа ээрчиген (момун) пенделериңдин күнөөлөрүн кечире көр?! Аларды тозок азабынан сакта! info
التفاسير: