[1] Ал «Бир күн келип ушул Исраил урпактары бизди Мисирден чыгарып жибербегей эле» деп кооптонду. Себеби, Исраил урпактарында туулуу жана адам санынын өсүшү Фараондун элине салыштырмалуу өтө жогору болгон. Ошондон улам, бул элдин эркек төрөлгөн балдарын өлтүрүп, кыз балдарын жөн коюуга буйрук берди. Аскерлер үймө-үй кыдырып жүрүп, кимдин үйүндө эркек бөбөк болсо, ата-энесин каратып туруп союп жатышты. Ошол мезгилде Муса жаңы эле төрөлгөн бөбөк болчу.