Übersetzung der Bedeutungen von dem heiligen Quran - Kirgisische Übersetzung - Schamsuddin Hakimov

Nummer der Seite:close

external-link copy
111 : 16

۞ يَوۡمَ تَأۡتِي كُلُّ نَفۡسٖ تُجَٰدِلُ عَن نَّفۡسِهَا وَتُوَفَّىٰ كُلُّ نَفۡسٖ مَّا عَمِلَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ

Ошол Күндө (Кыяматта) ар бир жан өз пайдасын талашып (башкаларды тап-такыр унутуп) калат. Жана ар бир жанга - зулумдук көргөзүлбөгөн абалда - жасаган иштери(не жараша сооп же азап) гана толугу менен берилет. info
التفاسير:

external-link copy
112 : 16

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا قَرۡيَةٗ كَانَتۡ ءَامِنَةٗ مُّطۡمَئِنَّةٗ يَأۡتِيهَا رِزۡقُهَا رَغَدٗا مِّن كُلِّ مَكَانٖ فَكَفَرَتۡ بِأَنۡعُمِ ٱللَّهِ فَأَذَٰقَهَا ٱللَّهُ لِبَاسَ ٱلۡجُوعِ وَٱلۡخَوۡفِ بِمَا كَانُواْ يَصۡنَعُونَ

Аллах бир шаарды (Меккени) мисал келтирди: Бул шаар тынч, бейпил, ырыскысы ар тараптан “агып” келип турган шаар болчу. Кийин ал (анда жашаган мушриктер) Аллахтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллах аны коркунуч жана каатчылык “кийими” менен “жасантып койду”. info
التفاسير:

external-link copy
113 : 16

وَلَقَدۡ جَآءَهُمۡ رَسُولٞ مِّنۡهُمۡ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَهُمۡ ظَٰلِمُونَ

Аларга (Мекке мушриктерине) өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) пайгамбар келсе, аны «жалганчы» дешти. Анан аларды, залым болуп турган абалда азап кармады! info
التفاسير:

external-link copy
114 : 16

فَكُلُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ حَلَٰلٗا طَيِّبٗا وَٱشۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ إِيَّاهُ تَعۡبُدُونَ

Силерге Аллах ырыскы кылып берген адал-таза нсрселерден гана жегиле жана эгер Аллахтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Анын нээматтарына шүгүр кылгыла.[1] info

[1] Аллах берген нээматка шүгүр кылуу, тил учунда эле: “Кудайга шүгүр” деп коюу менен эмес, Курандагы Аллахтын өкүмдөрүн аткаруу менен жана ошондон кийин гана Аллахка мактоо (шүгүр) айтуу менен болот.

التفاسير:

external-link copy
115 : 16

إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةَ وَٱلدَّمَ وَلَحۡمَ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦۖ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ غَيۡرَ بَاغٖ وَلَا عَادٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Чынында, Аллах силерге тарпты, (мууздалганда аккан) канды, доңуздун этин жана Аллахтан башкага атап союлган(дар)ды арам кылды.[1] Ал эми, бирөө (ушулардан башка тамак таба албай) мажбур болгондо, чектен чыкпай сугунбай (өзөк жалгоо үчүн гана) жесе, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу. info

[1] Деңиз-суулардагы балык жана башка суу жаныбарлары менен чебирткелердин тарпы арам эмес. Мазарларга, ыйык жерлерге атап союлган жандыктын эти Аллахтан башкага аталгандыктан улам арам болуп калат.

التفاسير:

external-link copy
116 : 16

وَلَا تَقُولُواْ لِمَا تَصِفُ أَلۡسِنَتُكُمُ ٱلۡكَذِبَ هَٰذَا حَلَٰلٞ وَهَٰذَا حَرَامٞ لِّتَفۡتَرُواْ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ لَا يُفۡلِحُونَ

Тилиңер (өзүңөр) ойлоп чыгарган сөздөрдү Аллахка (оодарып) жалаа жабуу үчүн «Бул - адал, бул - арам» деп сүйлөй бербегиле. Албетте, Аллахка жалаа жапкандар[1] тозоктон кутулбайт. info

[1] Арам - бул Аллах арам кылган нерсе. Адал - бул Аллах адал кылган нерсе. Кимде-ким Куранга негизделбей, оюнан чыгарып "бул - адал, бул - арам" дей берсе ал Аллахка жалаа жапкан болот.

التفاسير:

external-link copy
117 : 16

مَتَٰعٞ قَلِيلٞ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ

(Дүйнө жыргалы) бир аз гана пайдалануу. Алар үчүн (Акыретте) жан сыздаткан азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
118 : 16

وَعَلَى ٱلَّذِينَ هَادُواْ حَرَّمۡنَا مَا قَصَصۡنَا عَلَيۡكَ مِن قَبۡلُۖ وَمَا ظَلَمۡنَٰهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ

Мурда Биз яхудилерге, сага (Куранда) айткан нерселерди арам кылган элек. Биз аларга зулумдук кылбадык. Бирок өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.[1] info

[1] Яхудилерге арам кылынган нерселер "Аньам" сүрөсүндө баяндалган.

التفاسير: