Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik.

Broj stranice:close

external-link copy
166 : 3

وَمَآ أَصَٰبَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡتَقَى ٱلۡجَمۡعَانِ فَبِإِذۡنِ ٱللَّهِ وَلِيَعۡلَمَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Ухуд күнү силер менен мушриктер жолуккандагы өлүм, жаракат жана башка кыйынчылыктар Аллахтын уруксаты жана тагдыры менен болду. Бул чыныгы момундарды ажыратуудагы Аллахтын жеткиликтүү даанышмандыгы info
التفاسير:

external-link copy
167 : 3

وَلِيَعۡلَمَ ٱلَّذِينَ نَافَقُواْۚ وَقِيلَ لَهُمۡ تَعَالَوۡاْ قَٰتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَوِ ٱدۡفَعُواْۖ قَالُواْ لَوۡ نَعۡلَمُ قِتَالٗا لَّٱتَّبَعۡنَٰكُمۡۗ هُمۡ لِلۡكُفۡرِ يَوۡمَئِذٍ أَقۡرَبُ مِنۡهُمۡ لِلۡإِيمَٰنِۚ يَقُولُونَ بِأَفۡوَٰهِهِم مَّا لَيۡسَ فِي قُلُوبِهِمۡۚ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا يَكۡتُمُونَ

Ошондой эле силердин араңардагы мунафыктарды ачыкка чыгаруу үчүн болду. Аларга: Аллахтын жолунда согушкула же жөн эле мусулмандардын караанын көбөйтүп биз менен чогуу чыккыла - дегенде, алар: Биз силер менен чыкмакпыз, бирок силер менен бутпарастардын ортосунда эч кандай согушту көрбөй эле турабыз - дешти. Ушинтишкен учурда алардын абалы ыймандууларга эмес, каапырларга кобүрөөк окшоп турду. Тилдери жүрөгүндө болбогон нерсени айтып жатты. Аллах Таала алар ичине жашырган нерсени билет, кийин аларды ошого жараша жазалайт info
التفاسير:

external-link copy
168 : 3

ٱلَّذِينَ قَالُواْ لِإِخۡوَٰنِهِمۡ وَقَعَدُواْ لَوۡ أَطَاعُونَا مَا قُتِلُواْۗ قُلۡ فَٱدۡرَءُواْ عَنۡ أَنفُسِكُمُ ٱلۡمَوۡتَ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Ошентип согушка чыкпай калып калгандар, Ухуд согушуна барып жапа чеккендери тууралуу: Эгер булар чыкпай койгондо минтип өлүмгө учурабайт эле - дешет. Эй, пайгамбар, алардын айтканын четке кагып: Алар бизди укканда өлбөйт эле деген сөзүңөр чындыкка жакын болсо жана согушка чыкпай үйдө отуруу адамды өлүмдөн сактап кала турган болсо, өлүм келген учурда силер өзүңөрдү өлүмдөн алып калгылачы, - деп айт info
التفاسير:

external-link copy
169 : 3

وَلَا تَحۡسَبَنَّ ٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَمۡوَٰتَۢاۚ بَلۡ أَحۡيَآءٌ عِندَ رَبِّهِمۡ يُرۡزَقُونَ

Оо, пайгамбар, Аллах жолундагы жихадда шейит болгондлорду өлүк деп ойлобогула. алар Жаратуучусунун алдында кереметтүү орунда өздөрүнө гана тиешелүү жашоодо тирүү. Аллахтан башка эч ким билбеген түрдүү ырыскыларды жешет info
التفاسير:

external-link copy
170 : 3

فَرِحِينَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ وَيَسۡتَبۡشِرُونَ بِٱلَّذِينَ لَمۡ يَلۡحَقُواْ بِهِم مِّنۡ خَلۡفِهِمۡ أَلَّا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ

Аларды бакыт ороп, шаң курчаган, мунун баарын аларга Аллах Өзүнүн артыкчылыгы менен берген. Алар бул жакта бул дүйнөдө калган бир туугандарын күтүшөт. Эгер алар да жихадда шейит болшуса, булар сыяктуу жыргалды табышат. Аларда акырет иштеринен коркуп чочулоо болбойт, ошондой эле дүйнөдо жасаган иштерине өкүнбөйт info
التفاسير:

external-link copy
171 : 3

۞ يَسۡتَبۡشِرُونَ بِنِعۡمَةٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَضۡلٖ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

мындан сырткары Аллах аларга даярдап койгон чоң соопторго кубанышат. Аллах Таала момундардын сообун кемитпейт, аны толук берет жана кошумча кошот info
التفاسير:

external-link copy
172 : 3

ٱلَّذِينَ ٱسۡتَجَابُواْ لِلَّهِ وَٱلرَّسُولِ مِنۢ بَعۡدِ مَآ أَصَابَهُمُ ٱلۡقَرۡحُۚ لِلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ مِنۡهُمۡ وَٱتَّقَوۡاْ أَجۡرٌ عَظِيمٌ

Ухуд согушунда жапа чегип турганыңарда, анын артынан эле "Хамра ал-Асад" согушуна аттангыла деген Аллахтын жана Анын элчисинин буйругуна баш ийип, жаракаттарына карабай аттанып чыккандарга, алардан амалдарын жакшы аткаргандарга, Аллахтын буйругун аткарып, күнөөдөн тыйылып такыба болгондорго Аллахтын чоң сыйлыгы бар, ал - бейиш info
التفاسير:

external-link copy
173 : 3

ٱلَّذِينَ قَالَ لَهُمُ ٱلنَّاسُ إِنَّ ٱلنَّاسَ قَدۡ جَمَعُواْ لَكُمۡ فَٱخۡشَوۡهُمۡ فَزَادَهُمۡ إِيمَٰنٗا وَقَالُواْ حَسۡبُنَا ٱللَّهُ وَنِعۡمَ ٱلۡوَكِيلُ

Бутпарастардан бирөөлөрү келип: Курайштар Абу Суфянды башчы кылып, көп кол топтоп, силер менен согушканы турат, - деп коркутканда, бул коркутуу ыймандуулардын Аллахка ишенимин жана Аллахтын убадасына болгон үмүтүн күчөттү. Анан: Бизге Аллах жетиштүү,Ал, ишибизди ишенип тапшыра турган эң жакшы Колдоочу - деп, согушка аттанышты info
التفاسير:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• من سنن الله تعالى أن يبتلي عباده؛ ليتميز المؤمن الحق من المنافق، وليعلم الصادق من الكاذب.
Пенделерин сыноо Аллахтын мыйзамдуу жолу, сыноо аркылуу чыныгы момундан мунафыкты, чынчылдан жалганчы ажыратат info

• عظم منزلة الجهاد والشهادة في سبيل الله وثواب أهله عند الله تعالى حيث ينزلهم الله تعالى بأعلى المنازل.
Аллах жолунда жихадга чыгуу, шейит болуу адамдын даражасын көтөрө турган иш, алардын сообу, Аллах аларды эң бийик орунга, бейишке киргизет info

• فضل الصحابة وبيان علو منزلتهم في الدنيا والآخرة؛ لما بذلوه من أنفسهم وأموالهم في سبيل الله تعالى.
Сахабалардын даражасы бул дүйнөдө да, акыретте да жогору, өзгөчө артыкча жандар, анткени, алар Аллах жолунан малын да, жанын да аяган эмес info