Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik.

Broj stranice:close

external-link copy
13 : 20

وَأَنَا ٱخۡتَرۡتُكَ فَٱسۡتَمِعۡ لِمَا يُوحَىٰٓ

Оо, Муса! Менин буйруктарымды жеткириш үчүн Биз сени тандадык. Эми Мен сага вахий кылган нерселерге кулак сал. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 20

إِنَّنِيٓ أَنَا ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعۡبُدۡنِي وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِذِكۡرِيٓ

«Албетте Мен Аллахмын! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мага гана сыйын жана Мени эстөө үчүн намазды толук аткар! info
التفاسير:

external-link copy
15 : 20

إِنَّ ٱلسَّاعَةَ ءَاتِيَةٌ أَكَادُ أُخۡفِيهَا لِتُجۡزَىٰ كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا تَسۡعَىٰ

Ар бир жан кылган жакшы-жаман иштеринин сыйлык-жазасын алыш үчүн кыямат кайым сөзсүз келет жана болот. Мен анын убактысын жашырып койгом, аны эч бир макулук билбейт. Бирок пайгамбар айткан анын белгилерин билишет. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 20

فَلَا يَصُدَّنَّكَ عَنۡهَا مَن لَّا يُؤۡمِنُ بِهَا وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ فَتَرۡدَىٰ

Сени ага ишенүүдөн жана жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүүдөн ага ишенбеген жана напсилери каалаган арам нерселерди ээрчиген каапырлар сени тосуп коюшпасын! Болбосо ал себептүү сен кыйроого учурайсың. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 20

وَمَا تِلۡكَ بِيَمِينِكَ يَٰمُوسَىٰ

Оо, Муса! Оң колуңдагы эмне?». info
التفاسير:

external-link copy
18 : 20

قَالَ هِيَ عَصَايَ أَتَوَكَّؤُاْ عَلَيۡهَا وَأَهُشُّ بِهَا عَلَىٰ غَنَمِي وَلِيَ فِيهَا مَـَٔارِبُ أُخۡرَىٰ

Муса айтты: «Бул менин таягым. Басканда таянамын жана койлорума жалбырак күүп беремин. Мындан башка да пайдалары көп». info
التفاسير:

external-link copy
19 : 20

قَالَ أَلۡقِهَا يَٰمُوسَىٰ

Аллах айтты: «Оо, Муса! Аны жерге ташта!». info
التفاسير:

external-link copy
20 : 20

فَأَلۡقَىٰهَا فَإِذَا هِيَ حَيَّةٞ تَسۡعَىٰ

Муса аны таштады эле, ал сойлогон чоң жыланга айланды. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 20

قَالَ خُذۡهَا وَلَا تَخَفۡۖ سَنُعِيدُهَا سِيرَتَهَا ٱلۡأُولَىٰ

Аллах Мусага айтты: «Таякты кайра ал! Анын жыланга айланганынан коркпо! Сен аны колуңа алганда Биз аны баштапкы абалына келтирип коёбуз». info
التفاسير:

external-link copy
22 : 20

وَٱضۡمُمۡ يَدَكَ إِلَىٰ جَنَاحِكَ تَخۡرُجۡ بَيۡضَآءَ مِنۡ غَيۡرِ سُوٓءٍ ءَايَةً أُخۡرَىٰ

Жана колуңду колтугуңа сал, ал ала оору эмес аппак нурдуу болуп чыгат. Бул сенин экинчи керемет белгиң болот. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 20

لِنُرِيَكَ مِنۡ ءَايَٰتِنَا ٱلۡكُبۡرَى

Оо, Муса! Биз кудуретибизди жана сен Аллах тараптан жиберилген элчи экендигиңди билдирген улуу керемет-белгилерибизди көргөзүш үчүн Биз сага ушул эки белгини көргөздүк. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 20

ٱذۡهَبۡ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ

Оо, Муса! Фараонго бар! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 20

قَالَ رَبِّ ٱشۡرَحۡ لِي صَدۡرِي

Муса айтты: «Раббим! Ызаларга чыдаш үчүн, менин көкүрөгүмдү кенен кыл! info
التفاسير:

external-link copy
26 : 20

وَيَسِّرۡ لِيٓ أَمۡرِي

Иштеримди жеңил кыл! info
التفاسير:

external-link copy
27 : 20

وَٱحۡلُلۡ عُقۡدَةٗ مِّن لِّسَانِي

Чечендик менен таза сүйлөөгө жөндөм бер! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 20

يَفۡقَهُواْ قَوۡلِي

Сенин буйруктарыңды жеткиргенде сөздөрүмдү түшүнүүлөрү үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 20

وَٱجۡعَل لِّي وَزِيرٗا مِّنۡ أَهۡلِي

Мага өз үй-бүлөмдөн иштериме жардам кылган жардамчы бер! info
التفاسير:

external-link copy
30 : 20

هَٰرُونَ أَخِي

Имрандын уулу Харун бир тууганымды. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 20

ٱشۡدُدۡ بِهِۦٓ أَزۡرِي

Ал себептүү белимди кубаттуу кыл. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 20

وَأَشۡرِكۡهُ فِيٓ أَمۡرِي

Аны пайгамбарчылыкта мени менен шерик кыл! info
التفاسير:

external-link copy
33 : 20

كَيۡ نُسَبِّحَكَ كَثِيرٗا

Сени көп-көп аруулашыбыз үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 20

وَنَذۡكُرَكَ كَثِيرًا

Жана Сени көп-көп зикир кылышыбыз үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 20

إِنَّكَ كُنتَ بِنَا بَصِيرٗا

Чындыгында Сен бизди көрүп турасың. Биздин ишибиздин эч бири Сага жашыруун эмес». info
التفاسير:

external-link copy
36 : 20

قَالَ قَدۡ أُوتِيتَ سُؤۡلَكَ يَٰمُوسَىٰ

Аллах айтты: «Оо, Муса! Биз сага сураганыңдын баарын бердик». info
التفاسير:

external-link copy
37 : 20

وَلَقَدۡ مَنَنَّا عَلَيۡكَ مَرَّةً أُخۡرَىٰٓ

Биз сага мындан башка дагы жакшылыктарды кылганбыз. info
التفاسير:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• وجوب حسن الاستماع في الأمور المهمة، وأهمها الوحي المنزل من عند الله.
Маанилүү иштерге жакшылап кулак салуу милдет. Алардын эң маанилүүсү – Аллах тараптан түшкөн вахий. info

• اشتمل أول الوحي إلى موسى على أصلين في العقيدة وهما: الإقرار بتوحيد الله، والإيمان بالساعة (القيامة)، وعلى أهم فريضة بعد الإيمان وهي الصلاة.
Мусага түшкөн эң биринчи вахий ишенимдин эки негизин өзүнө камтыган: Аллахтын жалгыздыгын моюнга алуу жана кыямат кайымга ишенүү. Ошондой эле ыймандан кийин эле чоң мааниге ээ болгон намазды өзүнө камтыган. info

• التعاون بين الدعاة ضروري لإنجاح المقصود؛ فقد جعل الله لموسى أخاه هارون نبيَّا ليعاونه في أداء الرسالة.
Ыйманга чакыргандар максатка жетүүдө бири-бирине жардам берүүсү зарыл. Аллах Мусага бир тууганы Харунду пайгамбарлык милдетти аткарууда жардамчы кылды. info

• أهمية امتلاك الداعية لمهارة الإفهام للمدعوِّين.
Адамдарды ыйманга чакыруучу айткандарын жакшы түшүндүрүп берүүчү жөндөмгө ээ болуусу маанилүү. info