[1] Аллах таала бизге Өзүн – Өзү тааныткан. Демек, биз аны Өзү тааныткандай жогорку жана кемчилдиксиз сыпаттар менен гана таанып, сыпатташыбыз керек. Пенденин “Субханалла!” деп дуба кылып жүрүүсү “тасбих” деп аталат. “Субханаллахтын” мааниси “Мен Аллахты ар кандай Өзүнө ылайык эмес сыпаттардан аруулаймын жана Өзү үйрөткөн, Өзүнө ылайык болгон бийик, ыйык жана кемчилдиксиз сыпаттар менен сыпаттаймын” дегенди билдирет.