Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod na kirgiski jezik - Šemsudin Hakimov

Broj stranice:close

external-link copy
77 : 37

وَجَعَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلۡبَاقِينَ

Жана анын урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 37

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 37

سَلَٰمٌ عَلَىٰ نُوحٖ فِي ٱلۡعَٰلَمِينَ

Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун! info
التفاسير:

external-link copy
80 : 37

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 37

إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Ал Биздин момун пенделерибизден болчу. info
التفاسير:

external-link copy
82 : 37

ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик. info
التفاسير:

external-link copy
83 : 37

۞ وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبۡرَٰهِيمَ

Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (ыймандуу пенделерден) эле. info
التفاسير:

external-link copy
84 : 37

إِذۡ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلۡبٖ سَلِيمٍ

Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 37

إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَاذَا تَعۡبُدُونَ

(Жана) атасы жана коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
86 : 37

أَئِفۡكًا ءَالِهَةٗ دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ

Аллахтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
87 : 37

فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ааламдардын Раббиси (Аллах) жөнүндө кандай ойлойсуңар? (Күндөрдүн биринде чоң элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал:) info
التفاسير:

external-link copy
88 : 37

فَنَظَرَ نَظۡرَةٗ فِي ٱلنُّجُومِ

Жылдыздарга бир карап алып: info
التفاسير:

external-link copy
89 : 37

فَقَالَ إِنِّي سَقِيمٞ

«Мен ооруп турам» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
90 : 37

فَتَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ مُدۡبِرِينَ

Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
91 : 37

فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمۡ فَقَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ

Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?», info
التفاسير:

external-link copy
92 : 37

مَا لَكُمۡ لَا تَنطِقُونَ

Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» - деди. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 37

فَرَاغَ عَلَيۡهِمۡ ضَرۡبَۢا بِٱلۡيَمِينِ

Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду). info
التفاسير:

external-link copy
94 : 37

فَأَقۡبَلُوٓاْ إِلَيۡهِ يَزِفُّونَ

(Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып:) info
التفاسير:

external-link copy
95 : 37

قَالَ أَتَعۡبُدُونَ مَا تَنۡحِتُونَ

Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
96 : 37

وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ وَمَا تَعۡمَلُونَ

Силерди да, силердин ишиңерди[1] да Аллах жараткан! info

[1] Силер тер төгүп, иштеп, жонуп жасаган мына бул «кудайыңарды».

التفاسير:

external-link copy
97 : 37

قَالُواْ ٱبۡنُواْ لَهُۥ بُنۡيَٰنٗا فَأَلۡقُوهُ فِي ٱلۡجَحِيمِ

(Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла! info
التفاسير:

external-link copy
98 : 37

فَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدٗا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَسۡفَلِينَ

Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук.[1] info

[1] Ибрахимди чоң жалынга ыргытышып, аны жеңдик, кутулдук деп калышкан. Бирок, Аллахтын амалкерлиги жогору келди. Ал отко «Ибрахимге муздак жана зыянсыз бол!» деп буйрук берди. От дагы Аллахтын бир пендеси. Буйрукка моюн сунду. Ибрахим оттун ичинен аман-эсен чыгып келип, бул кежирленген, таш боор элден, каапыр атадан түңүлүп, баш алып кетүүнү каалады.

التفاسير:

external-link copy
99 : 37

وَقَالَ إِنِّي ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّي سَيَهۡدِينِ

(Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени туура жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды:) info
التفاسير:

external-link copy
100 : 37

رَبِّ هَبۡ لِي مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

«Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!». info
التفاسير:

external-link copy
101 : 37

فَبَشَّرۡنَٰهُ بِغُلَٰمٍ حَلِيمٖ

Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик. info
التفاسير:

external-link copy
102 : 37

فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعۡيَ قَالَ يَٰبُنَيَّ إِنِّيٓ أَرَىٰ فِي ٱلۡمَنَامِ أَنِّيٓ أَذۡبَحُكَ فَٱنظُرۡ مَاذَا تَرَىٰۚ قَالَ يَٰٓأَبَتِ ٱفۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُۖ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰبِرِينَ

Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «Оо, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атакем, – деди ал, – буюрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз». info
التفاسير: