[1] “Бадр” согушунда мусулмандардын саны үч жүз ондон бир аз ашыгыраак, курал-жарактары жана даярдыгы начар эле. Ал эми мушриктерде мыкты куралдуу, жакшы машыккан миң чакты аскер бар эле.
[1] Бир жолу талкаланып кеткен мушриктер кайрадан күч жыйнап “Ухуд” согушу үчүн келишет. Пайгамбарыбыз кайрадан (121-аятта айтылгандай) Мединадан чыгып, өз аскерлерин майдандарга эң жакшы орноштурат. Бирок, ал көргөзгөн согуш орундарында бекем турбагандыктан жана айтылган сөзгө кулак салбагандыктан улам бул ирет мусулмандар жеңилип, улук пайгамбардын тиштери сынып, чыкыйы жарылат. Бул согушта мушриктердин жеңилбей, аман кеткендеринин дагы бир сыры, кийин ал мушриктердин көпчүлүгү Исламга кирет. Аллах алардын тообаларын кабыл алат жана күнөөлөрүн кечирет. Ошентип, ошол согуштан кийин пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам каапырлардын жеңип кеткенине өкүнүп, “Өз пайгамбарынын бетин жардырып, тишин сындыртып отурган коом кантип жеңишке жетмек!” - деп, коомунан наалып, Абу Суфян, Сафван бин Умайя, Хаарис бин Хаашим сыяктуу мушриктердин жетекчилерин каргап, каңырыгы түтөп отурганда ушул аят түшөт.
[1] Бул аяттан алчу дагы бир сабак - пенде канчалык улук даражалуу болсо да, анын колунан эч бир пайда-зыян келбейт. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдан улук даражалуу адам жок. Аллах таала ушул затка да «эч бир иш сенин колуңда эмес», Аллахтын гана каалаганы болот деп жатат. Пайгамбарыбыз өз алдынча эч кандай пайда-зыян жеткире албагандан кийин бер жактагы олуя-эшендердин арбактарына жалбарып, алардан колдоо, жардам сураш - накта ширктин өзү эмеспи!