Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod na kirgiski jezik - Šemsudin Hakimov

Broj stranice:close

external-link copy
39 : 17

ذَٰلِكَ مِمَّآ أَوۡحَىٰٓ إِلَيۡكَ رَبُّكَ مِنَ ٱلۡحِكۡمَةِۗ وَلَا تَجۡعَلۡ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتُلۡقَىٰ فِي جَهَنَّمَ مَلُومٗا مَّدۡحُورًا

«Булар Раббиң аян-кабар кылган үлгүлүү наасаттардын кээ бирөөлөрү. Эми, сен Аллахка башка «кудайды» кошпогун, анда, (эгер ширк кылсаң) айыпталган, жек көрүлгөн абалда тозокто (түбөлүк) каласың!» info
التفاسير:

external-link copy
40 : 17

أَفَأَصۡفَىٰكُمۡ رَبُّكُم بِٱلۡبَنِينَ وَٱتَّخَذَ مِنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنَٰثًاۚ إِنَّكُمۡ لَتَقُولُونَ قَوۡلًا عَظِيمٗا

(О, мушриктер) Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү периштелерди кыз кылып алыптырбы?![1] Чынында, силер чоң күнөөлүү сөздү сүйлөп жатасыңар! info

[1] Жок! Андай эмес, Аллахтын уулу да кызы да жок! Силердин "Периштелер Аллахтын кыздары" дегениңер Аллахка доомат!

التفاسير:

external-link copy
41 : 17

وَلَقَدۡ صَرَّفۡنَا فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ لِيَذَّكَّرُواْ وَمَا يَزِيدُهُمۡ إِلَّا نُفُورٗا

Биз бул Куранда аларга (түрдүү өкүмдөрдү) баян кылдык, эстерине келиши үчүн. Бирок, бул(баянд)ар алардын (чындыктан) качууларын гана көбөйттү. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 17

قُل لَّوۡ كَانَ مَعَهُۥٓ ءَالِهَةٞ كَمَا يَقُولُونَ إِذٗا لَّٱبۡتَغَوۡاْ إِلَىٰ ذِي ٱلۡعَرۡشِ سَبِيلٗا

Айт (о, Мухаммад,) “Эгер алар айткандай Аллах менен бирге башка кудайлар бар болсо, анда алар Арштын Кожоюнуна (каршы, аны жеңүү үчүн) жол издешмек. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 17

سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يَقُولُونَ عُلُوّٗا كَبِيرٗا

Аллах алар сыпаттаган нерселерден Бийик, Улук жана Аруу! info
التفاسير:

external-link copy
44 : 17

تُسَبِّحُ لَهُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ ٱلسَّبۡعُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهِنَّۚ وَإِن مِّن شَيۡءٍ إِلَّا يُسَبِّحُ بِحَمۡدِهِۦ وَلَٰكِن لَّا تَفۡقَهُونَ تَسۡبِيحَهُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ حَلِيمًا غَفُورٗا

Аллахка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр. Чынында, Аллах Кеңпейил, Кечирүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 17

وَإِذَا قَرَأۡتَ ٱلۡقُرۡءَانَ جَعَلۡنَا بَيۡنَكَ وَبَيۡنَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ حِجَابٗا مَّسۡتُورٗا

(О, Мухаммад!) Эгер Куран окусаң, сени менен Акыретке ишенбегендердин арасына тосулган парда тартып койобуз.[1] info

[1] Бул дааватты эми эле баштаганда эмес, бир нече жолу угуп, ишенбей койгондо боло турган абал.

التفاسير:

external-link copy
46 : 17

وَجَعَلۡنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ أَكِنَّةً أَن يَفۡقَهُوهُ وَفِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَقۡرٗاۚ وَإِذَا ذَكَرۡتَ رَبَّكَ فِي ٱلۡقُرۡءَانِ وَحۡدَهُۥ وَلَّوۡاْ عَلَىٰٓ أَدۡبَٰرِهِمۡ نُفُورٗا

Жана алардын жүрөктөрүнө Куранды түшүнө албай калсын деп, чүмбөт ороп, кулактарын “дүлөй” кылып койобуз. Качан сен Куранда жалгыз Раббиңди эстесең, артка бурулуп, качып кетишет. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 17

نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَسۡتَمِعُونَ بِهِۦٓ إِذۡ يَسۡتَمِعُونَ إِلَيۡكَ وَإِذۡ هُمۡ نَجۡوَىٰٓ إِذۡ يَقُولُ ٱلظَّٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلٗا مَّسۡحُورًا

Алар сени(н Куран окуганыңды) эмне себептен угуп жатканын биз жакшыраак билебиз. Андыктан, алар сени укканда, (өз ара) шыбырашканда залымдар “Силер сыйкырланган адамга ээрчип жатасыңар” дешет. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 17

ٱنظُرۡ كَيۡفَ ضَرَبُواْ لَكَ ٱلۡأَمۡثَالَ فَضَلُّواْ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ سَبِيلٗا

Карачы, алар сага кандай гана мисалдарды келтирип, экинчи жол таба албай турган болуп адашышат. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 17

وَقَالُوٓاْ أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمٗا وَرُفَٰتًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ خَلۡقٗا جَدِيدٗا

Жана “биз (өлүп, шагыраган) сөөктөр жана чириген тарп болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилебизби?!”- дешет. info
التفاسير: