Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod na kirgiski jezik - Šemsudin Hakimov

Broj stranice:close

external-link copy
73 : 16

وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَمۡلِكُ لَهُمۡ رِزۡقٗا مِّنَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ شَيۡـٔٗا وَلَا يَسۡتَطِيعُونَ

Жана алар, Аллахтан башка, өздөрүнө асмандар менен жерден эч кандай ырыскы өндүрүп бере албай турган, колунан эч нерсе келбей турган нерселерге ибадат кылышат. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 16

فَلَا تَضۡرِبُواْ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡثَالَۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ

Аллахка эч нерсени окшотпогула! Албетте, Аллах билет, силер билбейсиңер! info
التفاسير:

external-link copy
75 : 16

۞ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا عَبۡدٗا مَّمۡلُوكٗا لَّا يَقۡدِرُ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَمَن رَّزَقۡنَٰهُ مِنَّا رِزۡقًا حَسَنٗا فَهُوَ يُنفِقُ مِنۡهُ سِرّٗا وَجَهۡرًاۖ هَلۡ يَسۡتَوُۥنَۚ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ

Аллах (“Аллахка эч нерсени окшотпогула!” деген сөзүнө) мисал келтирет: Эч нерсеге эгедер болбогон бир кул жана Биз көп ырыскы берген (бай) адам. Ал байлыгынан ашкересин-ашкере, көмүскөсүн-көмүскө садака кылат. Эми, ушул экөө окшош болобу?[1] Аллахка мактоолор! Бирок, муну көпчүлүгү билишпейт! info

[1] Кул менен бай... экөө тең пенде боло туруп бири-бирине тең-окшош болбосо, анан кантип, бүт ааламдардын мүлкүнө ээ болгон жана бүт жан-жаныбарга ырыскы берип (садака) кылып жаткан Аллах эч нерсеге эгедер болбогон "кудайларга" кантип тең-окшош болсун?

التفاسير:

external-link copy
76 : 16

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا رَّجُلَيۡنِ أَحَدُهُمَآ أَبۡكَمُ لَا يَقۡدِرُ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَهُوَ كَلٌّ عَلَىٰ مَوۡلَىٰهُ أَيۡنَمَا يُوَجِّههُّ لَا يَأۡتِ بِخَيۡرٍ هَلۡ يَسۡتَوِي هُوَ وَمَن يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَهُوَ عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Аллах (дагы) эки адамды мисал келтирет: бирөөсү тап-такыр дүлөй: эч нерсеге ээ эмес. (Жадагалса, өзүнө-өзү да ээ эмес) бүт бойдон кожоюндуку. Кайда жиберсе да жакшылык келтирбейт. (Ушундай жаман кул). Эми, ушул киши менен туура жолдо жүрүп, адилетке буюрган (демек, көзү, кулагы бар, акылы бүтүн жана бай) адам тең болобу?[1] info

[1] Ушул эки адам тең болбосо, сокур сыяктуу эч нерсени көрө албаган, дүлөй сыяктуу эч нерсени уга албаган, өэүнө-өэү да эгедер боло албаган таш-кудай, жыгач-кудай, адам-кудай...жана башка толгон-токой жалган кудайлар, Угуучу, Көрүүчү, бүг ааламдарга Кожоюн жана Адил-Даанышман Аллах таалага кантип тең болуп калсын? Аллахка ошолорду теңеп, Аллахка кошуп ошолорго дуба-ибадат кылып жаткан адамдардын акылынан да төмөн акыл барбы?!

التفاسير:

external-link copy
77 : 16

وَلِلَّهِ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَمَآ أَمۡرُ ٱلسَّاعَةِ إِلَّا كَلَمۡحِ ٱلۡبَصَرِ أَوۡ هُوَ أَقۡرَبُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Асмандар жана жердин кайып нерселери(нин билими) Аллахтын гана алдында.[1] Ал эми, Кыяматтын болушу көз ачып-жумгуча же андан да тезирээк. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү. info

[1] Ошондой кайып нерселердин бири - Кыяматтын болоор убактысын да Аллахтан башка эч ким билбейт.

التفاسير:

external-link copy
78 : 16

وَٱللَّهُ أَخۡرَجَكُم مِّنۢ بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ شَيۡـٔٗا وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Аллах силерди апаңардын курсагынан чыгарды. Силер (ал кезде) эч нерсе билбейт элеңер. Анан силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Кана эми, шүгүр кылсаңар?! info
التفاسير:

external-link copy
79 : 16

أَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلطَّيۡرِ مُسَخَّرَٰتٖ فِي جَوِّ ٱلسَّمَآءِ مَا يُمۡسِكُهُنَّ إِلَّا ٱللَّهُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ

Асман койнунда туткун болгон куштарга карашпайбы? Аларды (абада) Аллахтан башка ким кармап турат?! Албетте, мында ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине ишаарат кылган) белгилер бар! info
التفاسير: