Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod na kirgiski jezik - Šemsudin Hakimov

Broj stranice:close

external-link copy
98 : 11

يَقۡدُمُ قَوۡمَهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَأَوۡرَدَهُمُ ٱلنَّارَۖ وَبِئۡسَ ٱلۡوِرۡدُ ٱلۡمَوۡرُودُ

Ал (Фараон) Кыяматта өз коомун жетелеп, тозокко алып келет. Бул келүү кандай жаман! info
التفاسير:

external-link copy
99 : 11

وَأُتۡبِعُواْ فِي هَٰذِهِۦ لَعۡنَةٗ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ بِئۡسَ ٱلرِّفۡدُ ٱلۡمَرۡفُودُ

Аларды ушул дүйнөдө да, Кыяматта да наалат коштоп жүрөт. Кандай гана жаман кошулуу! info
التفاسير:

external-link copy
100 : 11

ذَٰلِكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلۡقُرَىٰ نَقُصُّهُۥ عَلَيۡكَۖ مِنۡهَا قَآئِمٞ وَحَصِيدٞ

(Оо, Мухаммад) Булар Биз сага икая кылып берген шаарлардын кабарлары. Алардын кээ бирлери(нин урандылары) турат. Кээ бирлери теп-тегиз болуп калган. info
التفاسير:

external-link copy
101 : 11

وَمَا ظَلَمۡنَٰهُمۡ وَلَٰكِن ظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡۖ فَمَآ أَغۡنَتۡ عَنۡهُمۡ ءَالِهَتُهُمُ ٱلَّتِي يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٖ لَّمَّا جَآءَ أَمۡرُ رَبِّكَۖ وَمَا زَادُوهُمۡ غَيۡرَ تَتۡبِيبٖ

Аларга Биз зулумдук кылбадык, бирок (ширк, тоңмоюндук жана каапырчылыктары себептүү) өздөрүнө-өздөрүнө зулумдук кылышты. Аларга Раббиңдин буйругу (азабы) келгенде, Аллахтан башка жалбарган “кудайлары” эч жардам бере албай калды жана аларга зыяндан башка нерсени кошумча кыла албады. info
التفاسير:

external-link copy
102 : 11

وَكَذَٰلِكَ أَخۡذُ رَبِّكَ إِذَآ أَخَذَ ٱلۡقُرَىٰ وَهِيَ ظَٰلِمَةٌۚ إِنَّ أَخۡذَهُۥٓ أَلِيمٞ شَدِيدٌ

Сенин Раббиң эли залым болгон шаарларды (азап менен) кармаганда мына ушинтип кармайт. Чынында, Анын азабы жан оорутуучу, катуу! info
التفاسير:

external-link copy
103 : 11

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّمَنۡ خَافَ عَذَابَ ٱلۡأٓخِرَةِۚ ذَٰلِكَ يَوۡمٞ مَّجۡمُوعٞ لَّهُ ٱلنَّاسُ وَذَٰلِكَ يَوۡمٞ مَّشۡهُودٞ

Чынында, бул(айтылганд)арда Акырет азабынан корккондор үчүн үлгү-сабактар бар. Бул (Акырет) адамдар чогултулуучу Күн! Бул – күбө болуна турган Күн![1] info

[1] Акыретте бардык момун-каапыр адамдар чогултулуп сот-сурак болот. Сурак мезгилинде Аллахтын Өзү, периштелер жана башка бардык калк-калайыктар күбө болуп турушат.

التفاسير:

external-link copy
104 : 11

وَمَا نُؤَخِّرُهُۥٓ إِلَّا لِأَجَلٖ مَّعۡدُودٖ

Биз бул Күндү санактуу күндөргө (дүйнө жашоосу бүткөнгө чейин) гана кечиктиребиз. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 11

يَوۡمَ يَأۡتِ لَا تَكَلَّمُ نَفۡسٌ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ فَمِنۡهُمۡ شَقِيّٞ وَسَعِيدٞ

(Ошол Күн) келгенде, Анын уруксаты болмоюнча эч ким сүйлөбөйт. (Ал күндө) адамдардын бактылуусу да бактысыздары да болот. info
التفاسير:

external-link copy
106 : 11

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ شَقُواْ فَفِي ٱلنَّارِ لَهُمۡ فِيهَا زَفِيرٞ وَشَهِيقٌ

Ал эми, бактысыз адамдар Тозокто! Анда алардын (жүрөк үшүткөн) өкүрүк-бакырыктары бар. info
التفاسير:

external-link copy
107 : 11

خَٰلِدِينَ فِيهَا مَا دَامَتِ ٱلسَّمَٰوَٰتُ وَٱلۡأَرۡضُ إِلَّا مَا شَآءَ رَبُّكَۚ إِنَّ رَبَّكَ فَعَّالٞ لِّمَا يُرِيدُ

Алар анда асмандар жана Жер тургуча (түбөлүк) калышат. Бир гана Раббиң каалаган (бул дүйнөдө жашаган жана тозокко кире элек) мезгилде гана (анда болушпайт.) Албетте, сенин Раббиң каалаган нерсесин жасоочу. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 11

۞ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ سُعِدُواْ فَفِي ٱلۡجَنَّةِ خَٰلِدِينَ فِيهَا مَا دَامَتِ ٱلسَّمَٰوَٰتُ وَٱلۡأَرۡضُ إِلَّا مَا شَآءَ رَبُّكَۖ عَطَآءً غَيۡرَ مَجۡذُوذٖ

Ал эми, бактылуулар болсо, жер-асмандар турганга чейин, түбөлүк бейиште болушат, түгөнгүс сыйлык болгону үчүн! Бир гана Раббиң каалаган (бул дүйнөдө жашаган жана Бейишке кире элек) мезгилде болушпайт. info
التفاسير: